Ысык-Көлдөгү жайкы эс алуу

Шаркыратмалар, ашлян-фу жана көл жээги
Ысык-Көлдө бир эмес, бир нече ирет болгондурсуз, сизге аталган аймактын бардык жерин көрүп-билип койгондой сезилер. Бирок, бул жерде көлдөн башка да табияттын керемет сырларын ичине каткан бүтүндөй бир облус бар. Кызыга түштүңүзбү?

Бул жерге жетүүнүн жеңил жолдорун, кайда түнөп, канча каражат сарптарыңызды тактап-билдик. Жакынкы дем алышты же эмгек өргүүңүздү гана күтүп, Кыргызстандын керемет жерлерин бир тегерене чакан, бирок унутулгус жайкы саякатка чыксаңыз болот
Ысык-Көлгө жетүүнүн жолдору
Автобус
Саякаттын бул жолу – эң сарамжалдуусу. Чолпон-Атага, Ысык-Көлдүн тескейине алган сапарга 200 сом гана сарптап, беш сааттай жол жүрөсүз. Караколго жол алсаңыз – 280 сомуңуз коройт, жол убактысы – сегиз сааттан ашпайт. Эгер күңгөйгө, маселен, Кажы-Сай же Тамгага бара турган болсоңуз, 220 сом камдаңыз.

Бишкектен аталган аймакка кетчү автобус, маршрутка жана таксилер боюнча толук маалыматты Sputnik Кыргызстандын бул шилтемесиндеги инфографикадан таба аласыз.
Такси
Ысык-Көл облусунун каалаган шаарына маршруттук такси менен да жетүүгө болот. Аларды шаардын автобекеттеринин айланасындагы аянтчалардан таба аласыз. Аларды байкабай калуу мүмкүн эмес – айдоочулары жүргүнчүлөрдү кыйкырып чакырып, унаа толору менен жолго чыгышат. Адатта, булар 4 же 6 орундуу болот. Беш-алты сааттай жол жүрөсүз. Ысык-Көлдүн тескейиндеги эң жакын шаарга – Балыкчыга жол кире 300 (200?) сомду түзөт.

Мындай аймактар аралык таксилер Ысык-Көл облусунун башка шаар жана айылдарына да жүрөт. Жол акысы жердин узактыгына жараша 250 сомдон 450 сомго чейин өзгөрөт.
Учак
Ысык-Көл облусунда Чолпон-Ата шаарынан 35 чакырым алыс аралыкта жайгашкан аэропорт бар. Бирок, Бишкектен ал жакка чанда, белгиленген күндөрдө гана учуштар бар. Жакынкы күндөргө рейстер бар-жогун аэропорттун сайтынан карап билсеңиз болот.

Саякаттын бул түрүндө барып-келиш баасы 3 миң сомдун тегерегинде.
Поезд
Жума, ишемби, жекшемби күндөрү Бишкек-Балыкчы багыты боюнча поезд жүрөт (31-июлдан 31-августка чейин күн сайын). Борбор калаадан поезд 6.25те чыкса, Балыкчыдан 17.08де кайра Бишкекке багыт алат. Чоңдор үчүн билет акысы — 69 сом, балдар үчүн (5-10 жаш) — 34. Поезд менен болгон сапарыңыз беш жарым сааттан ашпайт.

Кеңири маалымат менен Кыргыз темир жолу сайтынан тааныша аласыз.
Ысык-Көл облусуна саякаттай турган туристтин эсине!
Акча айырбаштоодо маселе жок, а бирок банк карталарынан накталай алууда көйгөй жаралышы ыктымал. Ошондуктан, турист Бишкектен чыгарында эле акчасын да алмаштырып, банкоматтан да накталай алып алганы оң. Кыргызстанда банкоматтардын жайгашышы боюнча маалыматты финансылык порталдан табууга болот.
Саякатка чыгардын алдында документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн өз электрондук дарегиңизге жиберип алганыңыз оң, кокус жоготуп алсаңыз кереги тиет. Виза жасатуу же облустун айрым кызыктуу жерлерине баруу үчүн чек арадан өтүүгө уруксат кагазын алуу машакатын турфирмалардын кызматкерлерине табыштаганыңыз дурус. Алардан жардам алгыңыз келбесе, "Манас" аэропортундагы күнү-түнү иштей турган виза берүүчү жайга, ал эми чек арадан өтүүгө уруксат кагазы үчүн КРдин Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылыңыз.
Ысык-Көл облусуна келишиңиз менен тыш дүйнөдөн сырт калуудан чочулабаңыз. Эгер сиз чет элдик турист болсоңуз, анда аэропортто үч мобилдик оператордун сим-карталары бекер берилет. Интернет боюнча бир аз ыңгайсыздыктар жаралышы ыктымал, анткени, облустун борборунда да бардык жерде акысыз Wi-Fi боло бербейт, бирок, мобилдик интернет сизге көмөкчү болот.
Чемоданга жылуу кийимдерди да кошо салыңыз, анткени, Ысык-Көлдө жана тоолуу райондордо аба ырайы тез эле өзгөрүп кетет. Куйкалап турган күн заматта жамгырга жана катуу шамалга алмашат. Эртели-кеч күн салкын. Бул аймакта жайкысын эс алуу негизинен көл жээгинде болгондуктан, күндөн калкалоочу баш кийим, сууга түшчү кийим жана күндүн залалдуу нурларынан сактоочу кремди унутпаңыз. Өлкөнүн башка аймактарынан айырмалана, бул аймакта тартынбастан, чолок шым жана кыска кофта кийип жүрө берсеңиз болот.
Түнөк жана анын акысы
Ысык-Көл облусунда түнөк жагынан көйгөй жок. Табитиңиз жана капчыгыңызга төп келгенин тандай аласыз. Каражат үнөмдөгүңүз келсе, ижарага батир же суткасына берилчү бөлмө алыңыз, хостел же боз үйдө түнөңүз. Шарттары менен кааласаңыз, ыңгайлуу отель жана мейманкалар бар. Андан башка дагы маселен, индеецтердин типписи сымал өзгөчө сунуштар бар. Баса, мындайларда вегетариандык таңкы тамак берилет.

Кала турган жай издөө машакатын жеңилдетүү үчүн жээкти бойлой, шаар же айылга жакын жайгашкан варианттарды таптык. Тизме менен таанышуу үчүн картанын үстүңкү сол бурчундагы белгини басыңыз. Отелдердин аталышын басканыңызда алардын акысы жана шарттары тууралуу маалыматтар чыгат.

Биздин эсеп боюнча, таңкы тамагы кошо берилген камтылган "стандарт" бөлмөдө бир күн түнөө Ысык-Көлдүн тескейинде – 1500, ал эми күңгөйүндө — 500 сомду түзөт.

Ысык-Көлгө алган сапарыңыздын маңызы
Бул жакка шаардын ызы-чуусунан жадагандар аттанат, анткени, кечинде жээкте жана тоолуу капчыгайларда күн салкын, ал эми таңкы абанын тазалыгын айтпаңыз. Бир күнгө келсеңиз да, көз жоосун алчу бир нече жерди, капчыгайларды жана каньондорду көрүп, атка минип, шаркыратма жана сууга түшүп үлгүрүүгө мүмкүн. Узакка калып жээкте күнгө кактанып, улуттук нуктагы фестивалдарга барып, Чу дарыясында рафтингди (Бишкек-Ысык-Көл жолунун боюнда) да бир сынап кетсеңиз болот. А балким, өлкөнүн эң бийик чокчу – Хан-Теңирди багындырарсыз.

Ысык-Көл облусу шарттуу түрдө бир нече бөлүктөн турат. Көлдүн тескей тарабына жайкысын миңдеген туристтер агылат, себеби, көл жээгиндеги дем алууга тиешелүү бардык белгилери бар. Ыңгайлуу же орточо шарттагы эс алуу үйлөрү, салыштырмалуу таза жээктер, инфраструктура, суудагы көңүл ачуулардын жана жээк барларындагы суусундуктардын түрү, түнкү жашоо жана ресторандары менен белгилүү.
Ат үстүндө сейилдөө
Ат үстүндө сейилдөө — атка минип алып, табияттын кооз жерлерин кыдырасыз. Жылкыны бир күнгө ижаралоо өлкөнүн ар аймагында ар кандай баада, 3-10 долларга чейин
Кымыз менен ден соолукту чыңдоо
Кымыз менен ден соолукту чыңдоо — бээнин жаңы саалган сүтүн же кымызды дарылык үчүн өлчөп ичүү. Бир курстун акысы – 20-150 доллардын тегерегинде, беш маал берилчү саамалдан тышкары үч ирет тамагы да бар
Дайвинг
Дайвинг — атайын жабдык менен көлдүн түбүнө чумкуп, изилдөө. Буга алгач ирет батынып жаткан кишиден бир жолку чумкуу үчүн тийиштүү жабдык ижарасынан тышкары 35-50 долларга чейин алынат
Параглайдинг
Параглайдинг — аба агымында параплан менен учуу. Инструктор менен бир жолку учуш жердин бийиктигине жараша 20дан 60 долларга чейин өзгөрөт
Ден соолукту чыңдоо туризминде
Ден соолукту чыңдоо туризминде баткак, арашан жана термалдык суу менен дарылоо каралган. Баасы — 10-50 долларга чейин
Куш салуу
Куш салуу — атайын тапталган бүркүт менен шумкар салып жаныбарларга аңчылык кылуу. Көңүл ачуунун мындай түрүнө бүркүтчүнүн тажрыйбасына жараша 300дөн 500 долларга чейин акы төлөшүңүз мүмкүн
Альпинизм жана трекинг
Альпинизм жана трекинг— татаал тоо чокуларга же табияттын керемет жерлерине жөө багыт алсаңыз, сизден акы алынбайт, бирок, ал жактарда чатыр тигүү үчүн 10 доллар төлөйсүз
Рафтинг
Рафтинг — тоо дарыяларынан рафт менен түшүү. Рафтинг-турдун баасы өлкөдө суулардын эң популярдуу жерлеринде 20 - 45 доллар
Тарыхый-маданий туризм
Тарыхый-маданий туризм — тарыхый мааниге ээ жерлерге баруу жана изилдөө. Кыргызстанда таштан жасалган байыркы буюм-балбалдар, аска боорлорундагы сүрөттөр (петроглифтер) сакталып калган жерлер популярдуу
Башкысы – жолдун боюнда эле жергиликтүү тургундар тарабынан сатылган мөмө-жемиш, сүрсүтүлгөн жана ышталган балык, кыргыздын шам-шум этме азыктары жайнап турат.

Бирок, негизинен Көлдө жайкысын жашоо жээкте кайнат. Күнгө тотукпоо үчүн суудан, адамдардан (эс алуучулардан тышкары да бул жерде бышырылган жүгөрү, ышталган балык, мөмө-жемиш, балмуздак сатуучулар көп), күндөн чындап эле оолактоого тийишсиз.

Күңгөйү да өзгөчөлүктөргө ээ: улуттук тамак-ашы менен боз үйлөрдөгү көчмөн тибиндеги турмуш; кечкисин чокко какталган шишкебек, сыра; тынч жана туристтер келбеген укмуш жээктер. Азия жана европалык тамактарды даамын чыгара даярдаган бирин-экин жупуну кафе бар. Көңүл ачуу үчүн балык уулоого, кайыкта же жакын жайгашкан шаркыратмалуу кооз капчыгайларга, тоо көлдөрү жана дарылык касиети бар ысык булактарга – Жети-Өгүз, Алтын-Арашан, Чоң Кызыл-Суу, Барскоонго бир күндүк жүрүш же жол тандабастар менен сейилге чыксаңыз болот. Баасы асмандын башы эмес.

Андан ары Каракол бар — альпинисттердин көзүн күйгүзгөн аймак. Себеби Тянь-Шань тоо кыркаларына жол ушул жактан башталат. Жөө турист да зерикпейт, анткени эски чиркөө менен мечиттерди, шаардын мурдагы кызуу турмушун чагылдырган кызыктуу экспонаттарга толгон музейлерди кыдырып, бүт өлкөгө таанымал ашлян-фунун даамын тата алат.
Көрүүгө куштармын, кеттик эмесе! Ысык-Көл облусунда эс алчу 13 мыкты жер
Сүрөттөгү мындай кооз жерлер чындап эле өзгөчө жана абдан көп. Алардын баарын кыдырып чыгууга бир жумадан ашык убакыт зарыл. Кайсы жерлерди жок дегенди бир көрүшүңүз керек жана керемети эмнеде экенин сиз үчүн сурап-билдик.

Башта эле эскертерибиз — алардын айрымдарына жетүү үчүн унаанын кубаттуусу, узун аралыкта жөө жүрүүгө туруштук бере алчу бекем эрк жана дененин чыдамкай болушу талап кылынат.

Жолдор татаал, ал эми кээде өтүүгө дегеле мүмкүн эмес – саратанда да жолду кар бүтөп калат.
Ысык-Көл коругу
Ысык-Көл коругу
Ысык-Көл коругу
Ысык-Көл коругу
Ысык-Көл коругу
Left
Right
Ысык-Көлдүн жээги бул коруктун аймагына кирет. Кумдуу жээктен тышкары, бул жерден жемиш бактарын, көп жылдык көгүлтүр балатыларды, гүлзар, ал тургай, чопо каньондорун да кезиктире аласыз.

Ал эми көлдүн өзү — Кыргызстандын куту. Алтын кумдуу жээги, дайвинг-изилдөөлөрдү кызыктырган көл түбүндөгү шаары менен жыл сайын миңдеген туристтерди өзүнө тартат.

Көл жээктей эс алууга ылайык эң таанымал жайлар Тамчыдан Корумдуга чейин жайгашкан. Күңгөйдө "жылдыздарынын" саны менен мактанчу отель, жасалгалуу ресторандарды таба албасаңыз да, кол тие элек жапайы табият сизге койнун ачат.
Сары-Чат-Ээр-Таш коругу
Сары-Чат-Ээр-Таш коругу
Сары-Чат-Ээр-Таш коругу
Сары-Чат-Ээр-Таш коругу
Left
Right
Облустун борбору болгон Каракол шаарынан 60 чакырым узактыкта, деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте жайгашкан. Бийик тоолуу коруктун аянты — 720 чарчы чакырым. Катаал климаттуу жана тоолуу жер. Чыдамкай киши гана жете алат. Эң көтөрүмдүү кишини мында Кыргызстанда атайын коргоого алынган ак илбирс менен кездешүү күтөт. Анан да корукта Марстагы чуңкурчаларга түспөлдөш тоо көлдөрү көп.
Григорьев капчыгайы
Григорьев капчыгайы
Григорьев капчыгайы
Григорьев капчыгайы
Григорьев капчыгайы
Left
Right
Чолпон-Атадан 60 чакырым ыраак жайгашкан. Бул жерде бийик тоо чокулары жок, ошондуктан, боз үй конушу үчүн эң ыңгайлуу жер. Жыл сайын жергиликтүү тургундар июндан сентябрга чейин чычырканак, дан куурай, бөрү карагат өскөн төштө боз үй тигишет. Деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте, бийик карагайларды альпы шалбаалары алмаштырган жерде мөңгүдөн пайда болгон үч көл жана мөңгү баскан Кум-Бел (4200 метр) жана Эшен-Булак (4647) чокулары жайгашкан.
Каракол шаары
Каракол шаары
Каракол шаары
Каракол шаары
Каракол шаары
Left
Right
Ысык-Көл облусунун борбору баарынан мурда архитектуралык курулуштары менен кызык. Ыйык Троицк православдык чиркөөсүнө сөзсүз баш багыңыз, ал шаар негизделген чакта курулган экен. Анда бир нече эски иконалар сакталып калган, ал эми мындагы дин кызматкерлеринин сыймыгы — орус диний сүрөтчүсү Андрей Рублев тарткан Ыйык Троица көчүрмөсү.

Бир да мык кагылбай курулуп, кытай үлгүсүндө жасалгаланган кооз Дунган мечитин көрбөй өтпөңүз. Ошондой эле шаарда бир нече музей бар, алардын бириндеги экспонаттар изилдөөчү жана саякатчы Николай Пржевальскийдин өмүр таржымалынан кабар берет (шаар мурда ал кишинин атынан Пржевальск деп аталчу). Музейдин алдында көчмөндөр турмушун чагылдырган фотогалерея да ачылган.

Тарыхый-чөлкөм таануу музейине да баш багууну унутпаңыз, ал кызыктуу экспонаттарга толо. Айтмакчы, ал XIX кылымдагы төшөлгөн жанжолдору, чырак, челек жана орундуктары менен ошол калыбында сакталган көчөлөрдүн биринде жайгашкан. Соодагер жолу (Купеческий проезд) деп аталат.
Эңилчек өрөөнү
Эңилчек өрөөнү
Эңилчек өрөөнү
Эңилчек өрөөнү
Эңилчек өрөөнү
Эңилчек өрөөнү
Left
Right
Бул укмуштай жер Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында, Тянь-Шандын киши буту баспаган бийик чокусунда жайгашкан. Мында Эңилчек мөңгүсүнүн эки жагы – Түштүк Эңилчек жана Түндүк Эңилчек аталып, аянты – 800 чарчы чакырым. Мөңгүлөргө 70 альпинисттик багыт салынган. "Каркыра" жана "Майда-Адыр" базаларына тик учак менен жеткирүү да каралган.

Эгер сиз альпинист болсоңуз, жети миңдиктерге – Хан-Теңир (7010 м.), Ленин (7134) же Жеңиш (7439) чокусуна болгон экспедицияда күчүңүздү сынай аласыз.

Эскерте кетчү нерсе, асман тиреген бул аскаларга алпарчу жол узак, алсыратат жана катаал аба ырайы коштойт, экспедициянын орточо узактыгы – 21 күн. Ага кирүүнүн акысы — 2000ден 3 000 долларга чейин.

Эс алуунун башка бир түрү – учак менен айлануу. Өрөөндүн кооздугуна асмандан көз сала аласыз — асман тиреген чокулар, табышмактуу – жоголуп-пайда болчу Мерцбахер көлү жана калың кардуу мөңгүлөр. Июль-август айларында мындай ырахат үчүн 150 доллар сарптайсыз.
"Каракол" улуттук жаратылыш паркы
"Каракол" улуттук жаратылыш паркы
"Каракол" улуттук жаратылыш паркы
"Каракол" улуттук жаратылыш паркы
"Каракол" улуттук жаратылыш паркы
"Каракол" улуттук жаратылыш паркы
Left
Right
Каракол шаарынан 10 чакырым ыраак жерде. Карагай жана арча токойлору жайылган, ал эми тоо кыркалары альпы шалбааларын жамынган. Аларга мөңгү көлдөрү орточо шаркыратмалар жашынат. Жайкысын жаратылыш паркында альпинисттер конушу иштейт, андан Жигит (5130), Каракол (5281), Пржевальск (4283), Жуков (4450), Тельман (4460), Димитров (4450), Фучик (4210) жана Гастелло (4350) чокуларына багыттар ачылат.

Андан тышкары, аталган парк көз жоосун алган бир катар шаркыратма жана тоолуу көлдөрдү да ичине камтыйт. Алардын эң ириси — Ала-Көл. Бул жакка бир күндүк жүрүшкө чыксаңыз болот, бирок, кубаттуу гүлазык артынып, суу өткөрбөс сырт кийим кийиңиз. Тоо койнундагыдай эле бул жерде да аба ырайы кескин өзгөрүлүп турат.

Паркта кылда учуна чыгып парапланда уча турган бир нече чоку бар. Бири "Каракол" тоо лыжа базасынын чокусунда, ага канат жолу менен жете аласыз. Экинчиси – "Кереге-Таш" базасынан чыгышка карай 17 чакырым ыраакта, деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте жайгашкан. Мындай эрмек үчүн алынган акы 5 миң сомдон ашпайт.
Алтын-Арашан капчыгайы
Алтын-Арашан капчыгайы
Алтын-Арашан капчыгайы
Алтын-Арашан капчыгайы
Алтын-Арашан капчыгайы
Left
Right
Караколдон чыгышка карай 10 чакырым аралыкта. Карагай токой, альпы шалбаалары жана сейрек кездешчү жырткыч жаныбарлардан сырткары, бул жер Арашан дарыясынын жээгиндеги радон булактары менен да белгилүү. Анда сууга түшүү үчүн ачык асман алдындагы чакан бассейндер жасалган. Дарыянын жээгин бойлото совет маалынан бери сакталып калган бир нече эс алуу үйлөрү иштейт.

Мөңгүдөн жаралган Кашка-Суу көлүнө, капчыгайдын жогору жагында жайгашкан Күлдүрөк, Шаркыратма жана Таш-Тектир шаркыратмаларына сөзсүз түрдө бир суктанып алыңыз. Аларга 2-3 саатта жөө жетесиз. Ал эми эң чыдамкайлар деңиз деңгээлинен 5000 метр бийиктиктеги муз каптаган Ак-Суунун бооруна чыга алышат. Кыйноого салган сапар болсо да, арзый турганына ишенип коюңуз. Бул жер өзүнүн укмуштуудай калыбы үчүн "Палатка" чокусу атыккан.
Жети-Өгүз капчыгайы
Жети-Өгүз капчыгайы
Жети-Өгүз капчыгайы
Жети-Өгүз капчыгайы
Жети-Өгүз капчыгайы
Жети-Өгүз капчыгайы
Left
Right
Караколдон түштүк-батышка карай 28 чакырым аралыкта жайгашкан. Катарга тизилген букалардын элесин берген жети кызыл жар заңкайып турат. Жети-Өгүз деген аталышы да ушундан алынган. Капчыгайдын оозундагы Жарылган жүрөк тоосу да купулуңузга толот.

Жети-Өгүздүн өйдөңкү бөлүгүндө чакан тоо көлдөрү, шаркыратма жана ден соолукту чыңдоочу курорт жайгашкан. Анын аймагында дарылык касиети бар ысык булактар агат. Жыл сайын бул жерде боз үйлөрдүн конушу курулат, анда саамал ичип, атка минип, шумкар салып, жаа атып, булардан кийин каймакка матыра боорсок жесеңиз болот.
Жомок каньону
Жомок каньону
Жомок каньону
Жомок каньону
Жомок каньону
Жомок каньону
Left
Right
Ысык-Көлдүн күңгөйүндө, Тосор айылынан төрт чакырым аралыкта жайгашкан бул чополуу каньондор токтоосуз согуп турган шамалдан улам пайда болгон. Укмуштай чополуу кызыл жарлар арасын аралай ой чабытты ооздуктабастан, чопо образдарын жандыктарга же архитектуралык курулуштарга окшоштура да аласыз.

Каньонго кириш акысы – киши башына 50 сом. Анан да кыдырып жүргөндө бут алдыңызга да карасаңыз, жанга зыяны жок орточо кескелдириктерге көзүңүз түшөт. Баса, алар камерадан чочулашпайт, кайра сүрөткө тартканыңызча койкоюп туруп берет. Бул саякат эки саат убактыңызды алат, ошондуктан, күңгөйдө жайгашкан капчыгайлардын бирине багыт алганыңызда жолдон кайрылганыңыз оң. Ошондой эле жамгыр жаап жатканда бул каньонго аяк баспаңыз, баткакка батып каласыз.
Барскоон капчыгайы
Барскоон капчыгайы
Барскоон капчыгайы
Барскоон капчыгайы
Барскоон капчыгайы
Left
Right
Караколдон 90 чакырым ыраакта жайганшкан Ысык-Көлдүн күңгөйүнөн ары 30 чакырымды ээлеген капчыгай. Бул жер карагайлуу жана арчалуу токойлордун койнундагы, деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктиктеги шаркыратмалары менен таанымал. Анан да "Кумтөр" алтын кенине дал ушул Барскоон аркылуу кынтыксыз асфальтталган жол өтөт.

Капчыгайдын кире беришинде эки советтик эстелик сакталып калган – постаментте орнотулган жүк ташуучу унаа жана космоско алгачкы учушунан кийин ушул жерде эс алып кеткен Юрий Гагариндин бюсту.

Андан ары "Илбирстин көз жашы", "Манастын чөйчөгү" шаркыратмаларын көрөсүз, көзөмөл өтмөктөрүнөн өтүп, Сары-Мойнок жана Барскоон ашууларын ашкан соң, көз алдыңызда – булут чалган асмандын "сүрөтүн тарткан" кичи көлдөрдү жайната чыгарган Ара-Бел кыркасы.
Чоң-Кызыл-Суу
Чоң-Кызыл-Суу
Чоң-Кызыл-Суу
Чоң-Кызыл-Суу
Left
Right
Капчыгай Чоң кызыл дайранын атын алган. Ал кызыл кумдакты жууп өткөнү үчүн суусу жошонун түсүндө.

Чокуларга жана мөңгүлөргө жүрүштөр үчүн абдан ыңгайлуу жер, себеби, мында Тескей Ала-Тоо кыркаларындагы эң ири Колпаков мөңгүсү жайгашкан.

Эгер ашынган эс алууну жактагандардын бири болбосоңуз, ийне жалбырактуу токойду аралап, ченемсиз өскөн козу карын, мөмө терип, чер жаза аласыз. Токойдун узатасынан Жылы-Сууда бир жуунуп, кааласаңыз, чакан тоолуу мейманканада түнөй аласыз.

Кайчыгайдын андан өйдө тарабында Тянь-Шань физика-географиялык станциясы жайгашкан. Анын туура үстүндө аты жок жалгыз көл орун алган. Ага чыкканыңызга өкүнбөйсүз, себеби, дал ошол жерден Ысык-Көл бир башкача кулпура тегиз көрүнөт. Андан да бийиктикте мөңгүлөр, малчылардын жана өрөөнгө келгендер токтоочу жайлар бар.
Жыргалаң өрөөнү
Жыргалаң өрөөнү
Жыргалаң өрөөнү
Жыргалаң өрөөнү
Left
Right
Ысык-Көл облусунун чыгышында, Каракол шаарынан 60 чакырым ыраактагы бул жердин аты кымыз менен дарылоо боюнча кеңири таралган. Өрөөндө ар жылы жай мезгилинде боз үйлөр тигилет, анда саамал гана ичпестен, кыргыз маданияты менен да кеңири таанышуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул жерден алган ырахатка үч маал тамагы менен бирге суткасына орточо 2500 сом сарпталат.

Жөн гана сейилдеп, козу карын терсеңиз да эс аласыз, жай башталгандан күзгө алмашканча алар абдан көп өсөт бул жерде.
Өрнөктөгү таш жазуулар
Өрнөктөгү таш жазуулар
Left
Right
Сыйкырдуу сезилген бул жер Өрнөк айылынан анча алыс эмес. Ачык асман алдында эки миңге чукул таштардын бетинен ар кыл сүрөттөрдө көрүүгө болот. Анда жаныбарлардын, кишилердин сөлөкөтү түшүрүлгөн. Булардан сырткары ар кыл коргондордун, курулуштардын урандылары көзгө учурайт. Ал тургай көрүстөндүн ордун көрүүгө болот. Окумуштуулар бул сактар менен усундардын учурундагы жашоонун элестери деп айтып келет.

Илимий гипотезаларда аталган аймакта асманга бийик курулуш болгону айтылат. Жергиликтүү калк урандылар менен таш жазуулардын ыйыктыгына ишенип келишет.
Ысык-Көлдөн кандай даам сызсаңыз болот?
Ысык-Көл облусуна алган сапарыңызды дунган кафесиндеги картөшкө кошулган токоч менен кошо берилген ашлян-фу тамагысыз элестетүү кыйын. Дунган-кытай ашканасынан оогон бул тамактын кыргызча түрү аныгынан айырмаланат: килкилдеген крахмалга ун менен жумуртка кошулуп жуурулган кесме, эт жана чөп-чар аралаштыра жасалат. Суюгуна уксус, суу, күйгүзүлгөн кант жана ачуу лаза кошулат. Ал эми лаза – сарымсак менен калемпирдин майга куурулганы. Бул абдан даамдуу жана арзан түшөт — бир кишилик өлчөмү 100 сомдон ашпайт, Караколдо андан да арзан — 35 гана сом.

Ошондой эле жол боюндагы кафелерден да европа жана азия элдеринни тамактарынан тата аласыз. Аларда киши башына орточо 500 сомдун тегерегинде чыгат. Акчалай гана төлөй аласыз, тейлегендер үчүн көңүлүңүздөн чыкканын таштоо да сиздин эркиңиз.
Ысык-Көлдөн эмне сатып алууга болот?
Кыргыздын улуттук аспабы – өрүктөн чабылган комуз же көркөмү көз жоосун алган шырдакты эстеликке, ошондой эле балыктын түрүнөн, чакалап карагат, өрүктөн да сатып алыңыз. Колго өрүлгөн себет, ага толтурулган козу карындын түрү же эбак туздалган козу карындын бир нече банкасы жакындарыңызга эң сонун белек болуп берет.

Аларды колго жасалган буюмдар менен да кубанта аласыз. Жергиликтүү кол өнөрчүлөр колго кайнатылган самын, бет май жана кийизден жасалган жагымдуу буюмдарын жайната жарманкелерди көп уюштурат. Татыктуу буюм сатып алууга 2-3 миң сомдун тегерегиндеги каражат керектелет.

Кыргызстандын табышмактуу бул аймагы каткан сырлардын аз гана бөлүгүн ачып, баян эттик. Жактырган жайларга зыярат үчүн бир багытты аныктап, жон баштыгыңызды салыштырып, Ысык-Көлдүн тегерегине кичи турнеге аттанып кетериңизге үмүткөрбүз
Соңку кеңеш: аба ырайынын божомолуна таянбаңыз, алар чанда туура чыгат!
Документтерди толтуруу
Кыргызстанга кирүүгө виза алуу
Кыргызстандагы бардык туризм тууралуу маалымат
Чек ара аймактарына уруксат кагазын алуу
Кыргызстандагы ардактуу консулдуктар
Кыргызстанда турак жай
Кыргызстандан турак жай издөө кыргызстандык каучсерферлер
Турак жай ижаралоо кызматы
Кыргызстандагы кыймылсыз мүлк каталогу
Мейманкана брондоо кызматы
Жайкы эс алуу
Жөө туризм биримдиги
"Ысык-Көл" дайвинг клубу
Кыргызстан боюнча багги турлары
Ат үстүндө саякат
Жетекчи
Эрнис Алымбаев

Редактор
Асель Минбаева

Автор
Екатерина Михайлова

Дизайнер
Даниил Сулайманов

Фото жана видео
Табылды Кадырбеков, Влад Ушаков, Геннадий Закиров, Максим Клейтор, Эмиль Садыров, Азамат Айтбаев, Сегрей Калачев

Булактар
КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, КРдин Улуттук статистикалык комитети, КРдин Мамлекеттик Чек ара кызматы, КРдин Туризм департаменти