Жалал-Абаддагы жайкы эс алуу

таш бетиндеги табышмактуу жазуулар жана тамшанткан палоо
Жалал-Абад жакка бара элек болсоңуз, анда кызыктын баары ошол тарапта. Аталган облуска жеңил жетүү, түнөк табуу жолдорун билип, көрбөсөңүз арманда калчудай кереметтүү он жерди тизмектедик. Ошондр жон баштыгыңызды артынып, саякатка аттанарыңыз гана калды
Жалал-Абадга кантип жетесиз?
Такси
Бишкектен Жалал-Абадга такси менен жете аласыз. Мындай таксилерди шаардын автобекеттериндеги аянттардан табууга болот. Аларды дароо байкайсыз, айдоочулары жүргүнчүлөрдү кыйкыра чакырып, унаа толоору менен жолго чыгат. Адатта, унаалар 4 же 6 орундуу болот. Тогуз-он саат жол жүрөсүз. Жол кире – орточо 1 500-1 700 сом.

Ал эми аймактар аралык таксилер Жалал-Абад облусунун башка шаар жана айылдарына: Кара-Көлдөн Майлуу-Сууга чейин да каттайт. Ыраактыгына жараша 500дөн 1 300 сомго чейин акы алынат.
Учак
"Манас" эл аралык аэропорту Бишкектин түндүк-батышында 23 чакырым аралыкта жайгашкан. Андан Жалал-Абадга карай сапар аласыз. Эң арзан баа –Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек багыты боюнча 2 150-3 500 сом.

Бул багыт боюнча каттамдар шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт. Шаршемби күнү Бишкектен саат 10.50дө, жума жана жекшемби сайын — 11.15те учат. Аэропортко эки саат эрте келүүгө тийишсиз. 2017-жылдын октябрь айына чейин ушул баалар жана күн тизими сакталат.
Жалал-Абадга аттанчу туристтин эсине!
Облустук борбордо – Жалал-Абад шаарында акча алмаштыруу жана банк карталарынан накталай алууда түйшүктөнбөйсүз. Бирок, карта менен эсептешүү жана акча алмаштыруу жайлары тийиштүү өнүкпөгөндүктөн, банкомат алдыңыздан чыгар замат жетишерлик өлчөмдө накталай алыңыз. Жалал-Абад облусундагы банкоматтардын жайгашышы боюнча каржылык порталынан таба аласыз.
Документтериңиздин сактыгы үчүн жолго чыгардын алдында күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн өз электрондук дарегиңизге жиберип алганыңыз оң, кокус жоготуп алсаңыз кереги тиет. Виза жасатуу же облустун айрым кызыктуу жерлерине баруу үчүн чек арадан өтүүгө уруксат кагазын алуу машакатын турфирмалардын кызматкерлерине табыштаганыңыз дурус. Алардан жардам алгыңыз келбесе, "Манас" аэропортундагы күнү-түнү иштей турган виза берүүчү жайга, ал эми чек арадан өтүүгө уруксат кагазы үчүн КРдин Мамлкететтик каттоо кызматына кайрылыңыз.
Жалал-Абадда жайгашканыңызда сырткы дүйнө менен байланыш үзүлбөйт. Чет элдик туристтерди уюлдук байланыш менен үч оператор камсыздайт: аэропортто сим-карталар бекер берилет. Интернеттен облус борборунда куру калбайсыз, бирок, айыл жана кичи шаарларда акысыз Wi-Fi табышыңыз күмөн. Мобилдик интернет сизге байланыш көйгөйүн жаратпайт.
Жалал-Абад өлкөнүн түштүгүндө, жайында көлөкө издеп таппайсыз, ошондуктан, күндүн зыяндуу нурларынан сактоочу крем алганды унуткарбаңыз. Андан тышкары, чемоданга ачык, жеңил кийим, күндөн калкалоочу көз айнек жана баш кийим салыңыз. Кийинүүдө адеп эрежелерин эстей, чолок шым менен майкаларыңызды көл жээгине барганча ката туруңуз.
Кайда түнөп, ага канча төлөйсүз?
Жалал-Абадда орто баадагы, ыңгайлуу түнөк тандамы жетишерлик: совет мезгилинен берки мейманканалар көп, заманбап батирлер да жок эмес. Жактырган бөлмөнү тандап, ижарага алганыңыз гана калат. Жолго чыгардан бир канча күн мурда бул ишти жөнгө салып койсоңуз, андан бетер жакшы.

Мисалга, Жалал-Абадга келгениңизде бир керебетке 15 доллардан төлөп, хостелде да жата аласыз. Мында кечки тамакты өзүңүз жасап, коомдук душка жуунасыз, бирок Wi-Fi болот.

Эгер ээн-эркиндикти жана ыңгайды тандасаңыз, батир ижаралаңыз. Бир бөлмөлүү батирге суткасына 20-30 доллар коротосуз. Мындай шартта алдын ала тийиштүү сайттарды барактай интернеттен ижарага берилчүлөрү таап, көңүлгө жакканын тандаңыз.

Жол азабы – көр азабы эмеспи, чаалыктыңызбы? Жол боюнда тигилген боз үйлөрдө түнөөгө киши башына 10-15 доллар төлөнөт. Кыргыздар меймандос келишет, кээде бекер түнөп, кечки тамакка гана ыраачылык билдирсеңиз болот. Бирок, сөздүн ачыгы, шарттар сиз күткөндөй эмес, антсе да көчмөн маданиятына бир сүңгүп чыгасыз.

Эгер бюджетиңизге туура келсе, заманбап, болушунча шарты, ал тургай, бир нече жылдыздуу, таңкы тамагы жана башка татымдарын сунган отелде да кала аласыз. Бир гана кемчилиги – мындай деңгээлдеги мейманканалар Жалал-Абаддын чет-жакасында жайгашкан.

Шаардан ыраак аймактарда аңчылардын алачыгынан жана жергиликтүү тургундардын сейрек үйлөрүнөн башка баш калкалар жай жок, тоо же көлгө барсаңыз чатыр жана жатуучу мүшөктөрдү кошо бөктөрүңүз.

Жалал-Абадга болгон сапардын маңызы
Калаада сүргөн жымжырттыктан улам Жалал-Абад чоңдугу боюнча Кыргызстанда үчүнчү шаар экендигине ынаныш кыйын. Арашан суулары бар курорт жана жергиликтүү колориттеги базарларды кыдыргандан башка бул жагымдуу, жакшы каралган бул шаарда чындап эле алектенчү нерсе жок.

Ошентсе да облустун коруктары, тоолуу жерлери жайкы дем алууңуз үчүн эң сонун аймак болуп бере алат. Эң сонун экологиясы, даамдуу ашканасы жана жайдары жашоочулары менен өзүнө тартып турат.

Аталган калаага аптаптын табы кайтып, талаада түшүм жыйналган маалда аяк басканыңыз артык. Августун аягы, сентябрдын башы эң жакшы учур.

Сейрек куштарга суктанып, коруктагы жаныбарларга жем-чөп берип, көчмөн элдин тарыхы менен таанышып, балык уулап, сууга чумкуп, жол боюндагы боз үйдө даам сызып, мөмө-жемиш жана жаңгак токойлорунун көлөкөсүндө атчан сейилдеп, шаркыратмага чейин жүрүш жасап, жаратылыштын кереметине асмандан көз салуу үчүн параплан менен учсаңыз болот.

Жалал-Абаддын айланасындагы жерлерди зериктирген, көркөмсүз деп атай албайбыз. Буга көрүнүктүү далил – сизге сунушталган сүрөттөр. Аларды көргөндөн соң, бул укмуш аймакта эс алуудан баш тарта албайсыз.
Атчан сейилдөө
атка минип, табияттын кооз жерлерин кыдырасыз. Жылкыны бир күнгө ижаралоо акысы 3-10 долларга чейин
Кымыз менен ден соолукту чыңдоодо
бээнин жаңы саалган сүтүн же кымызды дарылык үчүн өлчөп ичесиз. Бир курстун акысы – 20-150 доллардын тегерегинде, беш маал берилчү саамалдан тышкары үч ирет тамагы да бар
Дайвинг
атайын жабдык менен көлдүн түбүнө чумкуп, изилдөө. Буга алгач ирет батынып жаткан кишиден бир жолку чумкуу үчүн тийиштүү жабдык ижарасынан тышкары 35-50 долларга чейин алынат
Параглайдинг
аба агымында параплан менен учуу. Инструктор менен бир жолку учуш жердин бийиктигине жараша 20дан 60 долларга чейин
Ден соолукту чыңдоо туризминде
баткак, арашан жана термалдык суу менен дарылоо каралган. Баасы — 10-50 долларга чейин
Балык уулоо
Жалал-Абад эле эмес, Кыргызстандын бардык көлдөрү, суу сактагыч жана дайралары жайы-кышы балык уулоого ылайык. Балык кармаган турлардын баасы сууда сүзүүчү жабдыктардын ижара акысы, балык түшчү жерге жеткирүүнү кошо эсептегенде 30-60 доллардын тегерегинде
Эң сонун, кеттик анда!
Жалал-Абаддагы эс алууга ылайык 10 жер
Сүрөттө көргөндөрүңүз чындап эле бөтөнчө жерлер. Төмөндө алар тууралуу кеңири баяндоо менен бул жерлердин өзгөчөлүгүн тастыктаган далилдерди келтирдик.

Алардын көбүнө жеке унааңыз жок эле, автобус же такси менен жете аласыз. Ал эми Улуттук парктардын бирине багыт алууга ниеттенсеңиз, кубаттуу унаа зарыл.

Жолдору катаал, кээде кар көчкүдөн улам жол жабылып, өтүүгө мүмкүн эмес учурлар кездешет.

Сапарыңызда аймактын кызыктырарлык бир нече тарыхый жерлерин көрөсүз. Ошондой эле асман тиреген аскалардан, булуттардын кооздугун арттыра чагылдырган көлдөр көздү кубантат.
Сары-Челек коругу: кыргыз табиятынын керемети
Сары-Челек коругу
Сары-Челек коругу
Сары-Челек коругу
Сары-Челек коругу
Сары-Челек коругу
Left
Right
Атагы алыска тараган бул корук Жалал-Абаддан түндүк-батышты карай 200 чакырым ыраак. Корукка кирген Чаткал тоо кыркалары, жемиш, жаңгак токойлору жана жети тоо көлү 24 чакырымга кулач жаят.

Алардын эң ириси – Сары-Челек. Бул көлдүн түбүндөгү дүйнө сууга чумкуучулар үчүн кызык. Ал эми көлдү жээктей өскөн калың токойлордо тоо эчкиси, ондатра, бугу, элик, чүткөр, суусар, аркар, каман, ошондой эле жүздөн ашуун куш түрүн кезиктире аласыз.

Бул жерден ар бир кыргызстандыктын кабары бар, көгүш-жашыл суусу менен кимди болбосун арбайт. Аквалангисттик жабдыктарды жүктөнүп, аталган көлдүн эң түбүнө чумкуңуз же жөн гана жээкте сейилдеп, кааласаңыз шашпай кайыкта сүзүңүз. Бул жерде балык уулоого тыюу салынат!

Бул керемет жайдын кооздугунан кана-кана ырахаттанууга кеминде эки күн талап кылынат. Корукка кириш – акысыз. Жата турган, тамактанчу жай коруктун аймагында жок, ошондуктан, гүлазыкты камдап, чатыр же жолдуу болсоңуз, сакчылардын (мергенчилердин) чакан бөлмөсүндө түнөйсүз.
Беш-Арал коругу
Беш-Арал коругу
Беш-Арал коругу
Беш-Арал коругу
Беш-Арал коругу
Left
Right
Жалал-Абаддан түндүк-батышка карай 388 чакырым аралыкта жайгашкан. 1120 чарчы чакырым Беш-Аралдын аймагында Чаткал дайрасы аралап өткөн аскалуу тоо кыркалары орун алган. Эл арасында бул сууну беш каньондун дарыясы деп атап коюшат. Бул жердин жагымдуулугун ушул дайра арттырат. Жыл сайын анда ашынган рафтингди уюштурушат. Сиз да сынап көрсөңүз болот. Чаткал суусунун термелтиши жети күндөн ашпайт, ага 300 доллардан кем эмес акы алынат. Суу саякаты маалында асманда калкыган бүркүттөрдүн тобун, дайрада сүзгөн камандарды көрүп да, сүрөткө тарта да аласыз. Бирок, камераңыздын эң баалуу "табылгасы" – Кыргызстандын Кызыл китебине кирген Мензбира сууру.
Токтогул суу сактагычы
Токтогул суу сактагычы
Токтогул суу сактагычы
Токтогул суу сактагычы
Токтогул суу сактагычы
Left
Right
Жалал-Абаддан түндүккө карай 225 чакырым аралыктагы, 80 узундукка созулган ири суу сактагычты чополуу дөңсөөлөр жана чакан тоо чокулары курчайт. Бул жерге кооздугуна суктанып, айран таң калыш үчүн гана келбестен, сууда сүзүп, балык уулап, чатырда түнөө да арзыйт. Токтогул суу сактагычынын түндүк жээги буга ылайыкташкан. Түштүгүндө жол боюнда дурус отель жана совет убагынан берки бир нече эс алуу үйлөрү турат. Эң башкысы, бул тарабында парапланда учууга да болот, буга ылайык жерлер бар.

Бир нече миң бийиктикте көл үстүндө каалгый ажайып кооздукка көз салууга эң сонун мүмкүнчүлүк. Эки башталыш чекити бар – "Чыгыш" (2 100 метр) жана "Түштүк" (2 050). Эгер өз жабдыгыңыз болбосо, инструкторсуз машыгууга даяр болсоңуз, мындай ырахат сизге 3 000 -5 000 сомго айланат.
Кара-Суу көлү
Кара-Суу көлү
Кара-Суу көлү
Кара-Суу көлү
Кара-Суу көлү
Left
Right
Токтогул суу сактагычынан 20 чакырым алыс, деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашкан. Эки – Чоң жана Кичи көлдөн турат. Күндүн убактысына жараша түстөрүн өзгөртүшөт. Кара-Суунун жээгинде бөрү карагат, четин жана асман тиреген Тянь-Шань карагайлары өсөт.

Арманда калбаш үчүн көлдү бир көрүш керек. Жүрүшкө чыгып, чатыр тиксе да болот. Башка тоолуу аймактардай эле бул жерде түнү бир топ салкын, анан да аба ырайы кескин өзгөрүшү мүмкүн.
Арстанбаптын байыркы жаңгак токойлору
Арстанбаптын байыркы жаңгак токойлору
Арстанбаптын байыркы жаңгак токойлору
Арстанбаптын байыркы жаңгак токойлору
Арстанбаптын байыркы жаңгак токойлору
Left
Right
Жалал-Абаддан түндүккө карай 80 чакырым ыраактагы бул жаңгак токойлору 6080 чарчы чакырымга созулат. Айрым бактардын жашы миң жылдык, ал эми бийиктиги — 30 метр. Алар жыл сайын бир жарым миң тонна жаңгак берет.

Деңиз деңгээлинен 2200 метр бийик турган аскалуу капчыгайларда биринин бийиктиги 80 метр, экинчиси 35 метрлик ажайып көркөм Чоң жана Кичи шаркыратмалар бар. Жемиш, жаңгак токойлорунун арасында — жыл сайын миңдеген адамдар зыярат кылган ыйык Көл-Мазар көлү жана Бабаш-Ата тоосу жашынган.

Арстанбапты толук изилдөө үчүн жок эле дегенде мында үч күн өткөрүүгө тийишсиз. Бул мезгилди жүрүштөргө чыгып, ат үстүндө кыдырууга арнаңыз. Чатырда түнөсөңүз болот, бирок, жергиликтүү тургундар ыңгайлуу шарттары бар турак жайларын ижарага берет. Бир түнгө бир кишилик орун жуунучу жайы жана таңкы тамагы менен орточо 500-700 сом турат.
Шах-Фазиль орто кылымдык күмбөзү
Шах-Фазиль орто кылымдык күмбөзү
Шах-Фазиль орто кылымдык күмбөзү
Шах-Фазиль орто кылымдык күмбөзү
Left
Right
Күмбөздү Жалал-Абаддан батышка карай 219 чакырым ыраактагы байыркы Сафед-Булан айылынан табасыз. Шах-Фазиль — Фергана өрөөнүндөгү мусулмандар табынчу ыйык жер, тарыхый-архитектуралык комплекс, XI кылымга мүнөздүү эстелик. Бийиктиги 15,5 метрлик, чатыры купол сымал курулуш ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмегине кирген.

Күмбөздү кыдыруу көп убактыңызды албайт, ошондуктан, тегерегин да айланып, чайханага баш багып, палоо менен түштөнсөңүз болот.
Чычкан капчыгайы
Чычкан капчыгайы
Чычкан капчыгайы
Чычкан капчыгайы
Чычкан капчыгайы
Left
Right
Деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте, Жалал-Абаддан түндүккө карай 331 чакырым алыс жайгашкан. Эс алууга ылайык жер, андыктан, шарттары да өнүккөн. Ар кандай табитке жана капчыктын калыңдыгына жараша боз үйдөн заманбап, ыңгайлуу отелдерге чейин бар. Бильярд, теннис аянты, ачык асман алдындагы бассейн өңдүү кошумча шарттары да камтылат.

Көңүл ачуучу жайлар да жетишерлик: бийик карагай жана аскалар арасындагы Итагар капчыгайындагы Саз-Көлгө же 60 метрлик шаркыратмага жүрүшкө чыгыңыз. Эгер альпинизмге кызыксаңыз, Ашуу-Булак жана Казы-Жар капчыгайларында жайгашкан үч миң метрлик чокуларды багындырууга тырышыңыз. Эгер жай, бир калыптагы эс алуунун тарапкери болсоңуз, балык уулоо сизге туура келет. Айтмакчы, балык уулоочу атайын базалар салынган.

Эгер булардын баарына атчан сейилдөө жана кымыз менен дарылоону кошсоңуз, Чычкан капчыгайы дегеле зериге турган жер эмес.
Кара-Токой өрөөнү
Кара-Токой өрөөнү
Кара-Токой өрөөнү
Left
Right
Жалал-Абад облусунун түндүк-батышында жайгашкан. Өрөөндүн аянты чакан болгону менен жыш өскөн көп жылдык балатылар, көздөн далдоо, көп жан биле бербеген Кара-Токой тоо көлү таасирлентпей койбойт. Ушундай эле аталыштагы дарыяга жол ушул көлдү бойлой, калың карагайлуу токой же белден келген чөбү бар талаа аркылуу өтөт.

Өрөөн эки күндүк жүрүш же ат минип кыдырууга эң ылайыктуу аймак. Чатыр конушун жайылта тигүүгө орун оңой табылат, анткени, түнөөгө турак жайды бул жерден табарыңыз күмөн.
Саймалуу-Таш паркы
Саймалуу-Таш паркы
Саймалуу-Таш паркы
Саймалуу-Таш паркы
Саймалуу-Таш паркы
Саймалуу-Таш паркы
Left
Right
Жалал-Абаддан түндүк-чыгышка карай 120 чакырым аралыктагы бул парк деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте жайгашкан. Дүйнөдөгү аска боорундагы эң ири тарыхый галереялардын бири. Бийик тоолуу жайлоолорго жайылган миң сандаган таштарга байыркы бутпарастар тарабынан сүрөттөр чегилген. Миң кылымды карыткан жүздөгөн сүрөттөрдө аңчылык, балык уулоо, жер айдоо, табышмактуу жаныбарлар, ар кыл табигый кубулуштар жана ырым-жырым, үрп-адаттар чагылдырылган.

Петроглифтер жайгашкан дөңсөөгө экспедициялар аз келет. Адам буту чанда баскан бул паркка автоунаа жүрбөйт, ат же эшек минип, болбосо, жөө барууга туура келет.
Көл көлмөсү
Көл көлмөсү
Көл көлмөсү
Көл көлмөсү
Көл көлмөсү
Көл көлмөсү
Left
Right
Талас жана Жалал-Абад облустары чектешкен жерде 2000 метр бийиктикте. Көлмөнүн тереңдиги он метрден ашат. Токтогул суу сактагычына куйган Кара-Кулжа дайрасын бойлой жүрүп олтурсак, аталган көлмөгө чыгабыз. Жайында сууга түшүп, жээктеги күн нурунан ысыган таштарга жылынып, төштөрдө жайгашкан чакан токойлорду аралоого болот. Көл бир күндүк жүрүштөргө ылайык, кааласаңыз, чатыр тигип аласыз.

Сиз ынангандай, Жалал-Абад — ажайып бир жер, аны толук изилдөөгө убакыт гана табылса... Сунушталган жердин баарын бир жолку барышыңызда кыдырып бүтпөсөңүз, көңүл чөгөрбөңүз, бир кайрылып келүүгө сонун шылтоо.
Жалал-Абаддан кайсы тамакты жесе болот?
Жалал-Абадга барып калсаңыз, колдон келишинче жер-жемиштерди көбүрөөк жеңиз. Алардын даамы бул аймакта өзгөчө таттуу. Негизги тамак, албетте, палоо. Аны ар кандай кылып басышат, баары даамдуу. Андан сырткары азияттардын ашканасынан башка тамактарды да тандай аласыз. Орто эсеп менен бир адам түштө курсагын 300 сомдон ашпаган акча тойгузса болот.

Чай пул таштоо өзүңүздүн каалооңузга жараша, себеби, ичкен тамагыңыздын акчасына тейлөө акысы да кошулган. Баса, тамактын акчасын карточка менен эмес, нак төлөгөнүңүз оңураак болот.
Жалал-Абаддан эмне сатып алса болот?
Жыгачтан жасалган улуттук белек буюмдарды жана идиш-аяктарды бир сонун көрүнөт. Алар "падыша токойдун" облусуна болгон саякатты көпкө чейин эсиңизге салат. Жыпар жыттуу табигый бал сатып алыңыз: чай ичкен сайын ал сизге тоолуу Кыргызстанды элестетет. Андан сырткары жаңгактын мекенине барып жаткандан кийин, бул жемишти да ала кетиңиз.

Өзүңөр көргөндөй, эгерде жетишерлик убакыт болсо изилдеп чыксаң, Жалал-Абад керемет жер. Бир жолку саякатта сиздерге сунушталгандарды көрүп, кыдырып жетишпей калсаңыз, капа болбоңуз. Себеби, бул кийин дагы бир ирет кайрылып келүүгө жакшы шылтоо.
Пайдалуу шилтемелер
Пайдалуу шилтемелер
Кыргызстанга кирүүгө виза алуу
Кыргызстандагы бардык туризм тууралуу маалымат
Чек ара аймактарына уруксат кагазын алуу
Кыргызстандагы ардактуу консулдуктар
Кыргызстанда турак жай
Кыргызстандан турак жай издөө кыргызстандык каучсерферлер
Турак жай ижаралоо кызматы
Кыргызстандагы кыймылсыз мүлк каталогу
Мейманкана брондоо кызматы
Жайкы эс алуу
Жөө туризм биримдиги
"Ысык-Көл" дайвинг клубу
Кыргызстан боюнча багги турлары
Ат үстүндө саякат
Жетекчи
Эрнис Алымбаев

Редактор
Асель Минбаева

Автор
Екатерина Михайлова

Дизайнер
Даниил Сулайманов

Фото жана видео
Табылды Кадырбеков, Влад Ушаков, Геннадий Закиров, Максим Клейтор, Эмиль Садыров, Сергей Калачев

Булактар
КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, КРдин Улуттук статистикалык комитети, КРдин Мамлекеттик Чек ара кызматы, КРдин Туризм департаменти