Чүйгө кеттик!

Капчыгайлар, каньондор жана кызыткан кымыз
Сары-Өзөн Чүй — саякатчынын кыялы. Ажайып табияты, койнунун кеңдиги алкоого татыйт! Сиз үчүн биз жайкы эс алууну эсте каларлык өткөрүүгө ылайык жерлер туурасында бул материалда толук камтууга аракет кылдык. Кайда токтоп, эмнелерди көрүп жана кандай даам тата аларыңыздан бери бардык маалыматты таба аласыз.
Чүй облусуна сапар алган туристтин эсине!
Борбор калаада — Бишкекте — акча алмаштыруу же картаңыздан накталай алууда эч кыйналбайсыз. Облустук борборлордо да карта менен эсептешүү же акча алмаштыруу жайлары жакшы өнүккөн, чет жакалардагыдай көйгөй жок. Бишкектеги банкоматтардын жайгашышы тууралуу каржылык порталдан биле аласыз.
Документтериңиздин сактыгы үчүн жолго чыгардын алдында алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн өз электрондук дарегиңизге жиберип алыңыз, капысынан жоготуп алсаңыз кереги тийип калар. Облустун кай бир кызыктуу жерлерине жетүү үчүн чек арадан өтүүгө уруксат кагазын алуу түйшүгүн турфирмалардын кызматкерлерине табыштаңыз. Алардын көмөгүн алууну каалабасаңыз, "Манас" аэропортундагы күнү-түнү иштөөчү виза жасоочу жайга жана анын аймактык бөлүмдөрүнө, ал эми чек арадан өтүүгө уруксат алуу үчүн КР Мамлекеттик катоо кызматына кайрылыңыз.
Дүйнөдөн тыш калбайсыз, анткени туристтердин ыңгайлуулугу үчүн үч уюлдук оператор кызмат көрсөтөт, ал эми алардын сим-карталарын аэропорттон колуңузга бекер карматышат. Интернетке чыгуу да маселе эмес, акысыз Wi-Fi тутумуна борбор шаардын бардык соода түйүндөрү, кафе, ресторан жана коомдук жайларынан туташа аласыз. Шаардын четинде кыйыныраак, бирок мобилдик интернет бар эмеспи. А тоого барганыңызда смартфонду деле унуткара туруңуз.
Бишкекте быйыл өзгөчө ысык, андыктан сейилге жеңил кийинип, күндөн калкалоочу баш кийим жана крем шыбана чыгууну унутпаңыз. Эгерде тоого түнөөгө ниеткер болсоңуз, жылуу кийим, суу өткөрбөс күрмө жана тоого ылайык бут кийим алыңыз. Тоолордо аба ырайы өзгөрүлмө, күндүзү укмуш ысыганы менен түндө нөл градустан төмөндөп, ал эми таңда чатырыңыз ак кар жамынып калышы ыктымал.
Кайда түнөп, ага канча сарптайсыз?
Чүй облусунда, анын ичинде Бишкекте турак жай ар кыл: тейлөөсү дурус жупуну конок үйлөрүнөн бардык шарттары бар заманга бап батирлерге чейин табылат. Көңүлүңүзгө туура келген түнөктү онлайн да, шаарга келгениңизде да издеп, ижаралай аласыз.

Эгер үнөмдөгүңүз келсе, анда калаадагы хостелдердин бирине токтоңуз. Бир жатак орун жалпы ашкана менен жуунучу жайды кошо эсептегенде 400 сомдон (5 доллардан) өйдө турат. Баа хостелдин жайгашкан ордуна жана шарттарына жараша өзгөрөт. Баса, мында сизди жагымдуу жаңы таанышуулар күтөт, ким билет, бекер гид-коштоочу да таап калгыңыз бардыр.

Ал эми бутту сунуп, кең бөлмөдө эс алайын десеңиз, мейманкана же отелден бөлмө алыңыз. Алар суткасына кеминде 20 доллар. Андай болсо, алдын ала интернеттен мээлеп, бөлмөнү ээлеп коюңуз.

Чүй өрөөнүндө түнөк жайлары, тейлөөчү кызматкерлердин иш кийими жана менюдагы тамактын түрүнө чейин улуттук үлгүдө жасалгаланган этноборборлор бар. Таңда алдыңызга каймак боорсогу менен коюшса, кечки дасторкон сизди беш бармагы менен тосот. Ошондой эле жарпыңызды жазып жаа атып кыргыздын улуттук оюндарына катыша аласыз. Мындай жайларда түнөк 50 доллардан башталат.

Тоолордогу боз үйдө киши башына 10-15 доллардан алынат, ал эми чатыр тигүүгө жер үчүн 2-5 доллар төлөйсүз, болбосо ошол тегеректеги кичи мейманкаларга баш багыңыз. Адатта алар тоо капчыгайында же өрөөнгө кире бериште жайгашат.

Эгерде капчыгыңыз калыңыраак болсо, болушунча жасалгаланган, таңкы тамагы бар, ар бөлмөдө апакай жумшак түктүү сүлгүлөрү илинген, заманга шайкеш отелде түнөсөңүз болот. Бир түнгө 47-50 доллар сарптайсыз.
Чүйгө болгон сапарыңыздын маңызы
Чүй облусунда өлкөдөгү эң ири чопо каньондор, рафтинг үчүн көлү да, дайрасы да бар капчыгайлар арбын. Кайсы бирин айталы, бирин айтсак, экинчиси калат.

Жыш карагай токой жана төбөңүз жеткен булуттардын курчоосунда тоонун чокусунда турганыңызды элестетсеңиз. Мына-мына параплан менен учам дегендей демиңиз ичке катылат. Облуста андай ырахат үчүн башталыш чекит — Бишкектин жанында жана Суусамыр өрөөнүндө бар. Айтмакчы, жайында ал жакта параглайдинг боюнча эки жумалык мектеп ачылат. Эгер андан да ашынган ырахат издесеңиз, Чу же Чоң-Кемин дайраларында термелиңиз. Алгачкысында өзүңүздү инструкторго табыштаганыңыз оң.

Табияттын кооздугуна асмандан көз салып, көөдөнүңүзгө толгон соң, жүрүшкө багыт алсаңыз болот. Ар кыл багыттар бар. Жөө жүрүштөр үчүн кеңири тандалган жер "Ала-Арча" улуттук паркы. Чокулардын бирине чыгып, тоо көлдөрүнө суктанып, шаркыратманын алдында сууга да түшө аласыз. Буларга балык уулоо, сан жылдыздын алдында түнөө, аркар, тоо эчкилерине байкоо салууну кошсоңуз — эс алууңуз эстен кеткис болорунан эч шектенбеңиз.

Оор жон баштыкты асына жөө басышты жактырбасаңыз, ижарага ат алып (мындай мүмкүнчүлүк ар бир капчыгайда жаралат), ат үстүндө тоону аралаңыз. Эгер ээрге эрежедегидей олтура албасаңыз, анда коштоочуну да ээрчитиңиз. Башка тандамдар да бар: багги ижаралап, Коңорчок чопо каньонуна жөнөңүз, болбосо, жолтандабас айдап алып капчыгайды айланып чыгыңыз.

Тоо көркүнө тоюп бүткөнүңүздө — тарыхый эстеликтерди: Бурана мунарасын, балбал таштарды же эски шаардын урандысын көрүңүз.

Кыскасы, бул аймакка туш болгонуңузда табияттын кооздугуна суктанып, сизге дайым даамдуу тамагын сунган жергиликтүү калктын меймандостугуна ынанып узайсыз.

Кымыз — жаңы саалган бээ сүтүн же ачытылган кымыздан ичип ден соолукту чыңдаңыз. Бир курстун акысы – 18-150 доллардын тегерегинде, ага дарылоо борборунда жашаганыңыз, дарылык касиети бар саамалдан беш маал жана үч жолку тамак кирет. Саамалдын убагы майдын аягында башталып, июлдун ортосуна чейин уланат.
Ат үстүндө сейилдөө
Ат үстүндө сейилдөө – атка минүү менен бирге табияттын кооз жерлерине куштарланасыз. Жылкынын бир күндүк ижара акысы – 3-10 долларга чейин.
Параглайдинг
Параглайдинг — аба агымында параплан менен учуу. Инструктор менен бир жолку учуш баштапкы жердин бийиктигине жараша 20-60 долларга чейин өзгөрөт. Чүй облусунда үч учуш чекити – Бишкекке жакын жерде жана Суусамыр өрөөнүндө экөө бар.
Балык уулоо
Балык уулоо. Чүй облусунда 10дон ашык суу сактагыч жайкы балык уулоого ылайык. Алардын көп тандалганы — Спартак, Ала-Арча жана Шорго. Ошондой эле Чу жана Чоң-Кемин дарыяларында да балык уулоого болот. Бул жерлердеги балык уулоого балыктын ар бир килосуна төлөнчү акыны кошпогондо 2-7 долларга чейин алынат.
Альпинизм жана треккинг
Альпинизм жана треккинг. Татаал тоо чокуларына же табияттын керемет жерлерине жөө багыт алсаңыз акы алынбайт, бирок ал жактарда чатыр орнотуу үчүн 10 доллар төлөйсүз. Айтмакчы, багындырылчу чокулар да жүрүш багыттары сымал аябагандай көп.
Рафтинг
Рафтинг — тоо дайраларынан рафт менен түшүү. Адатта мындай турлар май айынан сентябрга чейин уюштурулат. Чу жана Чоң-Кемин дарыяларында рафтинг-турлардын акысы 20-45 долларга чейин, ага зарыл болгон жабдык жана сиз тандаган дайрага чейинки унаа баасы да камтылат.
Тарыхый-маданий туризм
Тарыхый-маданий туризм — тарыхый маанидеги жерлерди кыдыруу жана изилдөө. Чүй облусунда туристтерди Бурана мунарасы жана Кызыл-Арык эски шаар урандылары көп кызыктырат. Анда бейит үстүндөгү скульптуралар – таш эстелик жана балбал таштар азыркыга чейин сакталган.
Бейиштин төрү бекен, кеттик эмесе! Чүй облусуна саякаттоонун 15 себеби
Кыргызстандык болосузбу же чет элдик туристсизби, кай тарабына көз чаптырбаңыз ажайып көркөмдүк бет маңдайыңызда. Балким башта этибарга албаган чыгарсыз, Чүй облусу – нагыз саякатчыга жараткандын белеги эмеспи. Буга биз 15 далил келтиребиз!
"Ала-Арча" улуттук сейил багы
"Ала-Арча" улуттук сейил багы
"Ала-Арча" улуттук сейил багы
"Ала-Арча" улуттук сейил багы
"Ала-Арча" улуттук сейил багы
Left
Right
Бишкектен түштүккө карай 41 чакырым ыраак, 1600–4800 метр бийиктикте жайгашкан. Парктын аянты — 22 чарчы чакырым. Шаардыктар мында дем алыш күндөрүн өткөрүшөт, адатта тоо этегинде, дайра боюнда эс алышат.

Дал ушул жерден Кыргызстандын төрт-беш миңдик чокуларына жана Ак-Сай мөңгүсүнө жол чыгат. Алардын көпчүлүгүнө жол негизги база – альпинисттер арасында кеңири белгилүү болгон "Рацектин алачыгы" аркылуу өтөт. Ал жакка 3-5 доллар төлөп коюп, чатырыңызды жай тигип, кааласаңыз ушул эле акчага бир керебеттик орунду ижаралай аласыз.

Түндө сан жылдыздуу асманга тигилип, ал эми таңда тоо эчкилеринин оюн салганын көрүңүз. Гид жалдап "Мугалим", "Таажы", "Эркин Корея", "Бокс" чокуларын багындырып же аскага тырмышуу боюнча бир-эки сабак алыңыз.
Чоң-Кемин өрөөнү
Чоң-Кемин өрөөнү
Чоң-Кемин өрөөнү
Чоң-Кемин өрөөнү
Left
Right
Борбор калаадан чыгышка 41 чакырым аралыкта, 1400-3200 метр бийиктикте орун алган. Табияты жана жаныбарлар дүйнөсү ар кыл: мында жыты аңкыган шалбаалар, кар жамынган тоо чокулары жана аянты менен таң калтырган ийне жалбырактуу токойлор бар. Жалгыз убакыт өткөрүүгө чытырман токойдогу Жашыл-Көл көлү бар: ага жөө да, ат менен да жете аласыз.

Анан да бул жерден ысымы бир Чоң-Кемин дарыясы агат, анда май-сентябрь айларында рафтинг уюштурулат.
Кашка-Суу капчыгайы
Кашка-Суу капчыгайы
Кашка-Суу капчыгайы
Кашка-Суу капчыгайы
Кашка-Суу капчыгайы
Left
Right
Бишкектен 35 чакырым ыраакта, 2100 метр бийиктикте жайгашкан. Жылдын кайсы маалы болбосун бул жерге багыт ала бериңиз. Жайында капчыгайдын боору түркүн түстүү гүл жамынып, катар-катар боз үйлөр тигилип, кымыз менен ден соолукту чыңдоо борборлору, табиятта тамактануу уюштурулат. Түнкүсүн сан жылдыз жана Саманчынын жолуна тигиле уйкуга кетсеңиз болот.

Кышкысын ушундай эле аталыштагы лыжа базасы ишин баштайт, ага кышкы спорт түрлөрүн сүйгөндөр жана калаанын ызы-чуусунан чарчагандар агылат.
Белогорка капчыгайы
Белогорка капчыгайы
Белогорка капчыгайы
Белогорка капчыгайы
Белогорка капчыгайы
Left
Right
Бишкектен 80 чакырым ыраак бул капчыгай алтымыш метрлик Ала-Тоо шаркыратмасы менен кеңири таанымал. Ага жөө эки гана саатта жете аласыз. Жүрүштө шаркыратманын чокусуна алпарчу ийри-буйру, чөп баскан жол тилкелери, кызыл-тазыл гүлзарлар көз кубантып, көөдөн толтурат.

Анын башка капчыгайлардан айырмасы жок, ошондуктан мында бир күндөн ашык убакыт кетирбеңиз.
Суусамыр өрөөнү
Суусамыр өрөөнү
Суусамыр өрөөнү
Left
Right
Бул өрөөн Бишкектен түштүк-батышка карай 160 чакырым аралыкта, бийиктиги 2000–3200 метр. Мында өлкөнүн эң мыкты жайлоолору, кымыз менен ден соолукту чыңдоочу жайлары жана парапландын башталыш чокулары жайгашкан. Ал эми жаанчыл убакта адырларда козу карын жайнайт.

Суусамырга кетчү жол укмуш кооз белдердин бири болгон Төө-Ашуу аркылуу өтөт. Бирок мындагы кооздукка унаанын жабык терезесинен суктаныңыз, антпесе кыйма-чийме өткөн автоунаалардан улам аба алдаканча эле булганыч – өрттөлгөн желим абага сиңип калгандай.
Ак-Сай мөңгүсү
Ак-Сай мөңгүсү
Ак-Сай мөңгүсү
Ак-Сай мөңгүсү
Ак-Сай мөңгүсү
Left
Right
Ала-Арча капчыгайында 3500 метр бийиктикте жайгашкан. Жыл сайын ал дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүнөн альпинисттерди тартат, дал ошол себептен Ак-Сайга негизги конуштардан 80 багыт салынган. Бирок каардуу мөңгүнүн кооздугун ар ким эле аңдай бербейт.

Аймакта андан башка дагы: "Семенов-Тян-Шанский" (4875 метр), "Таажы" (4860), "Эркин Корея" (4740), "Байлян-Башы" (4700 ), "Симагин" (4400 ), "Бокс" (4240 м) чокулары бар.
Чуңкурчак капчыгайы
Чуңкурчак капчыгайы
Чуңкурчак капчыгайы
Left
Right
Бишкектен 45 чакырым ыраак, Аламүдүн дайрасынын башатында жайгашкан. Жазында кичи Голландияга айланат, анткени дал ушул капчыгайда бийиктиги 17 сантиметрге чейин жеткен падышалык жоогазын, андан башка да түркүн түстүү гүлдөр өсөт.

Ошондой эле бул жер кырк метрлик Көгүчкөн шаркыратмасы менен да таанымал. 100-200 метр бийик учтуу аскалар арасында жашынган, баса аларды да аска бооруна тырмана чыгууну сүйгөндөр баалабай койбойт. Капчыгайда ушундай аталыштагы лыжа базасы, кымыз менен ден соолукту чыңдоо борборлору жана улуттук үлгүдө жасалгаланган эс алуучу жайлар иштейт. Бишкектиктер бул жакка пикникке же жөн гана таза аба жутууга келип турушат.
Ысык-Ата капчыгайы
Ысык-Ата капчыгайы
Ысык-Ата капчыгайы
Ысык-Ата капчыгайы
Ысык-Ата капчыгайы
Left
Right
Борбор калаадан 77 чакырым ыраак. Өрүшүнө баратканда үч чакан тоо көлүн жана бир нече шаркыратмаларды көрөсүз. Бирок шаркыратма биринчи кезекте касиеттери боюнча түркүн уламыштарда айтылган геотермалдык жана арашан булактары менен белгилүү. Сөздүн ачыгы, мындагы бассейн жана санаторийдин абалы көңүл жубатарлык эмес.

Капчыгайдын уландысы — Ысык-Ата Туюк. Жок эле дегенде жыш карагайлуу тоо бетинде сейилдөө үчүн бул жер бир көрүүгө арзыйт.
Шамси капчыгайы
Шамси капчыгайы
Шамси капчыгайы
Шамси капчыгайы
Шамси капчыгайы
Left
Right
Бишкектен чыгышка карай 120 чакырым аралыкта. Капчыгайды саякат тизмеңиздин баш сабына жазыңыз. Шамсинин алтын бет кабы табылгандыгы үчүн мындай кеңеш берген жерибиз жок, болгону мында күндүн чыгышы менен батышынын ажайып кооздугун өз көзүңүз менен көрсөңүз деген эле каалоо. Тоонун тик боору, жайлоо жана шаркырап аккан тоо дайраларынын тушуна чатырыңызды тиксеңиз болот.

Эки күндүк эс алууга эң ыңгайлуу, сүрөтчүнүн анык табылгасы жана жаан-чачындуу жаз менен күздө козу карынчынын орундалган тилеги.
Көл-Төр капчыгайы
Көл-Төр капчыгайы
Көл-Төр капчыгайы
Көл-Төр капчыгайы
Left
Right
Бишкектен 85 чакырым ыраак, Кегети капчыгайы менен коңшулаш. Бул жер Көл-Төр көлү менен көрктүү, ал деңиз деңгээлинен 2700 метр бийиктикте жайгашкан. Анын көгүлтүр түсүнөн көз кубантуу үчүн карагай токою жана бой тиреп өскөн чөптү аралай жөө жетүүгө туура келет. Жүрүшкө эч даярдыгы жоктор деле беш сааттан ашык убакыт коротпойт.

Көргөнүңүз жумшалган күч жана убактыңызга арзый турганына ынанып коюңуз. Анан да суу убагында тартылып, кайра толорун эске алыңыз. Толуп турган маалын көрүү үчүн бул жакка июлдун ортосунан августтун он бештерине чейин жөнөңүз.
Коңорчок каньондору
Коңорчок каньондору
Коңорчок каньондору
Коңорчок каньондору
Коңорчок каньондору
Left
Right
Борбор калаадан 125 чакырым ыраак. Кичи жана Чоң Коңорчок деп экиге бөлүнөт. Бул жер өзүнө өзгөчө тартат: кум таштуу, чаташкан зоокалар арасында убакыт тыным алгандай. Кыргызстанда айрыкча айырмаланган табияттан сырткары бул жерде 3 миллион жаштагы өчкөн жанар тоону табасыз.

Бир күндө бул аймакты көрүп бүтпөйсүз, андыктан ал жакта түнөп калуу үчүн чатыр, уктоочу мүшөктү жаныңызга алыңыз. Бак-дарак дээрлик жок болгондуктан күндөн калкалануу үчүн баш кийим, көз айнек жана бет май зарыл болот.
Кегети капчыгайы
Кегети капчыгайы
Кегети капчыгайы
Кегети капчыгайы
Кегети капчыгайы
Left
Right
Бишкектен чыгышка карай 75 чакырымга алыс. Бул жер жайкысын абдан көркүнө чыгат. Бөрү карагат бышат, ит мурун, четин гүлдөйт, ал эми тоо абасына карагай токойдун жыты жайылат. Мында бир нече чакан шаркыратмалар бар, капчыгайдын башынан аягына чейин ушундай эле аталыштагы дайра агат. Ага жыгач көпүрөлөр жаткырылган, айрыкча унаа менен өтүш кишини кооптонтпой койбойт.

Өйдө тарабында чакан мөңгүнү көрөсүз, бир жарым метрчелик жаткан кар жайында да эрибейт. Капчыгайга саякат дем алыш күндөрүнө эң туура келет.
Бурана мунарасы
Бурана мунарасы
Бурана мунарасы
Бурана мунарасы
Бурана мунарасы
Left
Right
X-XI кылымдарда курулган, борбор калаадан 80 чакырым ыраак. Баштапкы абалында сакталып калган эмес, документтер боюнча кайра калыбына келтирилген. Качандыр бир кезде мунаранын бийиктиги 40 метрди түзгөн болсо, азыркы тапта — 21,7 метр.

Өйдө карай буралган ыңгайсыз тепкичтер менен мунаранын башына чыгасыз, ал жактан сизге ак кар баскан аскалар, жапжашыл шалбаалар, эки күмбөздүн урандылары, таш эмгек куралдары, "80 балбал таш бакчасы" көрүнөт. Бул таш эстеликтер Чүй облусундагы байыркы түрк бейиттеринен табылган. Бул баалуу экспонаттарды каалагандар көрө алат.

Бул жайдын аймагында улуттук сувенирлерди саткан жана маалында кымыз сунган боз үй тигилген. Кыргыздардын тиричилик буюмдары топтолгон чакан үй-музейи бар. Ага кириш билети – киши башына 150 сом.
Кызыл-Арык эски шаар урандысы (Невакет)
Кызыл-Арык эски шаар урандысы (Невакет)
Кызыл-Арык эски шаар урандысы (Невакет)
Кызыл-Арык эски шаар урандысы (Невакет)
Кызыл-Арык эски шаар урандысы (Невакет)
Left
Right
Бишкектен чыгышка карай 30 чакырым аралыкта жайгашкан. Эски шаар урандыларында IV-V кылымдардагы Согдий сепилинин, буддисттик живопись, мандаш токунган Будданын статуясынын калдыктарын көрсөңүз болот. Эстеликтен дээрлик эч нерсе калбаса деле бул Орто Азиянын ири табылгаларынан болуп саналат.
Бишкек
Бишкек
Бишкек
Бишкек
Left
Right
Кыргызстандын борбор калаасы аймактардан эң кызыктарды өзүнө жыйнап, борбордук көчөлөрдөгү курулуштардын көбү совет убагындагы көрүнүшүн сактап калган.

Ар бир саатта кыргыздын улуттук аспабынын – темир ооз комуздун добушу менен жаңырган Саат мунарасынын тушунан сүрөткө сөзсүз түшүңүз. Ала Тоо борбордук аянтынан байрак орнотулган жердеги Ардактуу кароолдун жоокерлери менен да сүрөткө түшсөңүз болот.

Кыргыз калкынын маданияты менен таанышуу үчүн Ош базарына да аяк басыңыз. Улуттук буюмдарды саткан дүкөндөрдү кыдырып, жактырганыңызды сатып алып, ошондой эле кийиз буюмдарын даярдоо мастер-класстарына катышыңыз.
Чүйдөн эмне даам сыза аласыз?
Кыргыздын мешинде — тандырда бышкан кой этин жеп көрүңүз. Бүтүн койдун эти чыкталып, кээде ичине күрүч толтура тандырда эки саат бышырылат. Улуттук тамак-аш дасторконго жашылча жана куурулган камыр бөлүктөрү — боорсок менен коюлат.

Негизинен Чүй ашканасы бай келет, ошондуктан борбор калаада да, чет жакасындагы жайларда да баарын — борщ менен варениктен тарта жогоруда айтылган тандырда бышкан кой эти жана өзгөн күрүчүнөн палоого чейин даам тата аласыз. Бишкектик башкы ашпозчулар таң калтырууга маш. Маселен, ашканадагы соңку саамалыктардын бири таш үстүндө бышырылган эт жана жашылчалар.

Шаардагы ресторан жана кафелерде накталай эсептешкениңиз оң, анткени бардык жерде карта менен төлөй албашыңыз ыктымал. Ал эми чайпул мында жалпы сумманын 10-15 пайызын түзүп, эсепке кошулат. Бирок тейлөө абдан таасир калтырган болсо өзүнчө ыраазычылык билдирсеңиз да болот.
Чүйдөн эмне сатып алууга болот?
Боз үй. Тагыраагы анын кичинекей көчүрмөсүн, антпесе 250 килограмм салмактагы чыныгы боз үй менен сизди учакка киргизишпейт.

Шаардын дүкөндөрүнөн жана арт-салондорунда улуттук үлгүдө кийизден, жыгач, булгары жана күмүштөн жасалган буюмдарды сунушташат. Баасында гана айырма бар. Текчелеринен килем, бут кийим, баш кийим, оромол, сувенир, зер буюмдары, атургай телефон жана ноутбук каптарын да таба аласыз. Кол эмгеги экендигине карабастан, баалары капчыкка бап — татыктуу буюмду 50 долларга сатып алсаңыз болот.

Эмен челектеринде сакталган атайын чыгарылыштагы коньяктын бөтөлкөсү – жакындарыңызга сонун белек. Бул үчүн алкоголдук ичимдиктин сакталыш мөөнөтүнө жараша 15-100 долларга чейин төлөйсүз.

Чүй облусунда зеригип же отелде олтура бербейсиз. Кызыктын баары сыртта — жапайы жаныбарлар менен кооз капчыгайлар, көз жоосун алган шаркыратма жана көлдөр, укмуштуу окуяларды жаратуучу көп мүмкүнчүлүктөр күтөт. Бир жылкы жайкы каникулда баарын көрүп-биле аларыңыз күмөн. Сөзсүз кайра кайтып келиңиз — меймандос жергиликтүү калк сизди кучак жая тосуп алат.
Пайдалуу шилтемелер
Документтерди толтуруу
Кыргызстанга кирүүгө виза алуу
Кыргызстандагы бардык туризм тууралуу маалымат
Чек ара аймактарына уруксат кагазын алуу
Кыргызстандагы ардактуу консулдуктар
Кыргызстанда турак жай
Кыргызстандан турак жай издөө кыргызстандык каучсерферлер
Турак жай ижаралоо кызматы
Кыргызстандагы кыймылсыз мүлк каталогу
Мейманкана брондоо кызматы
Жайкы эс алуу
Жөө туризм биримдиги
"Ысык-Көл" дайвинг клубу
Кыргызстан боюнча багги турлары
Ат үстүндө саякат
Жетекчи
Эрнис Алымбаев

Редактор
Асель Минбаева

Автор
Екатерина Михайлова

Дизайнер
Даниил Сулайманов

Фото жана видео
Табылды Кадырбеков, Влад Ушаков, Геннадий Закиров, Максим Клейтор, Сергей Калачев

Булактар
КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, КРдин Улуттук статистикалык комитети, КРдин Мамлекеттик Чек ара кызматы, КРдин Туризм департаменти