Темир канат
Учурдун 9 мыкты манасчысы
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кыргыз көркөм өнөрүнө, маданиятка, спортко, өнөрдүн өзөктүү тамырына салым кошкон жаштарды алып чыгуу максатында "Темир канат" долбоорун баштайт.

Кыргызда "башканы коюп Манасты айт" деген сөз бар. Адеп кадам таштап жатып, бардык нерсенин башатында турган манасчылыктан баштоону эп көрдүк. Төмөндөгү манасчылар улуу өнөрдүн учугун улап, аздап болсо да ийгиликтерди багынтып келе жатышат.

Асанаалы Калил уулу
1985-жылы Кызыл-Суу кыргыз автоном облусуна караштуу Улуу-Чат районунун Терек айылында туулган. Кыргызстанга 2010-жылы көчүп келген
"Манас" дүйнөсүнө сырдуу аян-түштүн негизинде аралашып келет. Алгач чоң атасы айткан "Семетейден" үзүндү жаттап айтып жүргөн. 14 жашында өзү өскөн "Сары-Бел" жайлоосунда кой кайтарып жүрүп, "Манас" айтып жатып уктап калат. Түшүндө ак кементай кийген кең далылуу, кабелтең киши келип, "балам, сен али жашсың, Манасты көтөрө албайсың, өзүңдү көп кыйнаба, бирок мизиңен кайтпа, бир күнү толуктап келип айтып берем" дейт. Чочуп ойгонот. Үйгө келгенде көргөн түшүн атасына сүрөттөп берсе, ал киши кадимки Асанаалы чоң атасы экен. Кудайга жалынып, түлөө өткөрүшөт.

Учурда Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетте жана Кусеин Карасаев атындагы БГУда окутуучу. Үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы.


Нурбек Калыбек уулу
1989-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң айылында туулган. 2010-жылы 20 жашында бутуна операция жасатуу үчүн Бишкекке келет. Оор операциядан кийин наркоздон ойгоноору менен күпүлдөп Манас айтып кирет
Нурбектин айтымында, Манас атанын касиеттүү күчү менен сакайган. Көп узабай улуу манасчы Сагымбай, Саякбайлар түшүнө кирип аян берген. Ал бул тууралуу:

"Түндө жатып түш көрдүм,
Түшүмдө мындай иш көрдүм:
Түшкө кирди Сагымбай,
Андан кийин Саякбай.
Жетелеп экөө алыптыр,
Так колтуктан көтөрүп,
Оозума "Манас" салыптыр.
"Оорубагын, балам, деп,
"Манасты" айтып жакшылап,
Элиңе тартуу кылгын деп"... айтканы бар.

Саякбай Каралаев атындагы орто мектепти аяктагандан кийин №94 жана №20 кесиптик лицейлеринен билим алган. Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы. Болот Эдигеев атындагы "Арашан" ансамблинин манасчысы жана Кыргыз улуттук консерваториясынын студенти.


Нурсултан Иманбеков
Нурсултан Иманбеков 1994-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Баетов айылында жарык дүйнөгө келген
Алты жашынан баштап манасчылык улуу өнөргө аттанган. Бир күнү түшүндө Алмамбет баатырдан аян берип, укмуштуудай өнөргө жетеленип кеткен.

Учурда Кусейн Карасаев атындагы БГУнун мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенти. Чүй облусуна караштуу маданият бөлүмүндө эсепчи.

Азиз Биймырза уулу
Азиз Биймырза уулу 1996-жылдын 16-сентябрында Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында төрөлгөн
Манасчылыкка жаштайынан дитин коюп, ынтаасын берип чоңойгон Азиз бул ааламга кереметтүү түш көрүү менен кадам таштаган. 14 жашында эң алгачкы дааруулар башталып, эки ирет баатырлар дүйнөсүнө кезигет. Жан дүйнөсү тынч ал ала албай устат күткүсү келет. Кийин манасчы Камил Мамадалиев менен жолугуп, устат-шакирттик салттуу жолду улантып келе жатышат.

Учурда алып баруучулукту аркалайт жана орус драма театрында манасчы болуп эмгектенип келет. КУУнун филология факультетинде окуйт.

Нурбек Талантбеков
1997-жылы 20-августа Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Бирлик айылында жарык дүйнөгө келген
"Манас" айтканга чейин улуу эпос тууралуу таптакыр түшүнүгү жок экенин жашырбайт. Мектепте окуп жүргөндө кыргыз тили мугалими жаш таланттар кароо сынагында "Манас" айтасың деп тапшырма берет. Айтканын эки кылбай "Манастын балалык чагы" деген окуяны жаттоого киришет. Бир нече убакыт бою такыр жаттай албай, эсине бир да сөз кирбей, башы маң болот. Канча убакыттан кийин үргүлөп барып, залкар Cаякбай Каралаевден бир сырдуу аянга тушуккан.

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филормониясынын эки жылдык студиясынын манасчылык бөлүмүн аяктап, И.Арабаев атындагы КМУнун Манастаануу институтунда билим алат. Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Манас таануу" интеллектуалдык теле таймашынын редактору.

Канат уулу Жанат
1997-жылдын 16-июнда Талас облусунун Манас районуна караштуу Арал айылында төрөлгөн
Манасчылыкка жаштайынан ниеттенип эпостон үзүндү айтып жүргөн. Кийинчерээк манасчы Асанкан Жуманалиевди ээрчип жүрүп чоң өнөрдүн улам бир эшигин ача берет. Анан Самат Көчөрбаев, Замир Баялиев, Рыспай Исаков өндүү манасчылардын жардамы менен Манас айтууну өздөштүрөт. Ошол эле учурда дастанчылыкты да аркалайт.

Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин дастанчылык бөлүмүнүн студенти.

Муса уулу Төлөбек
1998-жылы 18-ноябрда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районун 1-май айылында жарык дүйнөгө келген
"Манас" дүйнөсүнө 12 жашынан тарта аралашкан. Улуу өнөргө келип калуусу башка манасчылардай эле аян-түш көрүү менен башталган. Бир жолу түндө Саякбай Каралаев баштаган азыркы алп манасчылар Рысбай Исаков, Улан Исмаилов, Дөөлөт Сыдыковдор үйүнө мейманга келип Манас айтып, Мусага да айтуусун буюрушкан.

Учурда И.Арабаев атындагы КМУнун салык жана салык салуу адистиги боюнча билим алат.

Максат уулу Куттубек
1998-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Жол-Колот айылында туулган
Манасчылыкты аркалап калышына атасынын улуу касиет жөнүндө узак баяндары себепкер болгон. Кийинчерээк эпостон үзүндү жаттап айта баштаган. Бир күнү түшүнө белгисиз аксакал кирип батасын берип чоң өнөргө аралаштырып кеткен.

Учурда КУУнун кыргыз филология факультетинин студенти.

Үмөт Дөөлөтов
2005-жылы 19-декабрда Нарын облусунун Миң-Булак айылында туулган
Үмөт Дөөлөтов (Болот уулу) үч жарым жашынан тарта "Манас" айта баштаган. Телевизордон Саякбай Каралаевдин "Манас" айтканын көрүп, тили келбесе да, окуганды билбесе да, манасчы болом деп кыялданган. Алгачкы жолу манасчы Дөөлөт Сыдыков менен түз эфирден бирге "Манас" айтып тушоосу кесилген. "Аян болбой, баян болбойт" деп улуу өнөргө кызыккан баланы улуу күч, касиет коштоп, кийинчерээк аян-түш аркылуу айтып калган.

2007-жылдан бери ата-энеси менен бирге Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында жашайт.
Автор
Гүлдана Талантбекова

Фото
Табылды Кадырбеков, Азамат Тотубаев, Жоомарт Ураимов, Данияр Сандыбаев

Видео
Эмиль Садыров, Сергей Аладьев

Дизайнер
Даниил Сулайманов