Темир канат
ТОП-5
Ырды куюлтуп, саптарды сабалаткан жаш акындар
"Темир канат" — көркөм өнөргө, маданиятка, спорт тармагына салымын кошуп, кыргыздын атын далайга таанытып жаткан жаштарды элге таанытууга арналган Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин долбоору.

Бул ирет бүйүр кызыткан акындык беттештин көркүн ачып, далайды сөзгө жыгып, ырынын ырааты менен кепке кептеген акындарды тааныштырабыз.

Изат Айдаркулова
1987-жылы 17-декабрда Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кызыл-Жар айылында төрөлгөн. Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филология факультетин аяктаган. Учурда "Айтыш" коомдук мектебинде алп акындардан сабак алат.
Изаттын атасы Абдыжапар Айдаркулов акындык өнөрдү аркалап, облустук деңгээлдеги иш-чараларда айтышкан. Үй-бүлөдө жалгыз уул болгондуктан ата-энесин таштап, өнөрүн өркүндөтүү үчүн борборго келе алган эмес. Кызы атасынын изги тилегин орундатуу максатында акыркы төрт жылдан бери акындыкты аркалап келет.

Изат Айдаркулова 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында уюшулган эл аралык кыргыз-казак айтышында "Тууганбай Абдиев" атындагы сыйлыкка ээ болгон.


Асылбек Маратов
1990-жылы 11-мартта Нарын шаарында туулган. Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынан билим алган. Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын эки жылдык студиясын бүтүргөн. Учурда "Айтыш" коомдук фондусунун теңтөрагасы.
Маратовдун жети атасын санай келгенде бешинчи атасы кадимки төкмө акын Арстанбек Буйлаш уулу. Аккан арыктан суу агат дегендей, кан-жанындагы өнөр алыс кое бербей турганы анык. Туугандары жакшылыктарда эле ырдап койгону болбосо, арасында колго комуз алып өнөргө ыктаганы жок.

2014-жылы "Жаш таңдай" айтышынын баш байге ээси.
2015-жылы Жумамүдин Шералиевдин 100 жылдыгына арналган айтыштын баш байге ээси.
2015-жылы Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгына арналган айтыштын баш байге ээси.
2015-жылы "Ысык-Көл — манасчылар мекени" айтышында баш байге ээси.

Эсенбай уулу Тынчтыкбек
1990-жылы 1-майда Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун Кош-Булак айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин куруучу бөлүмүн аяктаган.
Бала кезинен тарта төгүп ырдаган. Ата-теги жамактап сүйлөп, илгери чоң атасы кулакка тартылаарда Сталинге ыр менен куюлуштура кат жазган, таятасы жазма акын болгон. Учурдун айтылуу акындарынан кеңеш алып, төкмөлүк менен акыркы төрт жылдан бери алпурушуп жүрөт.




Садырбек Турдубек уулу
1994-жылы 7-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу 1-Май айылында жарык дүйнөгө келген. Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүтүргөн. Учурда мугалимдик кесипти аркалайт.
Бала күнүнөн элдик оозеки чыгармачылыкка көңүл коюп, кыргыз адабиятын, фольклордук чыгармаларды көп окуган. 2013-жылы белгилүү төкмө акындар Жеңишбек Жумакадыр менен Аалы Туткучевге кездешип, кеп-кеңеш ала баштайт. Устаттарынын аркасы менен акындык өнөргө кызыгуусу артып, айтыштарга аралашат.

2013-жылы Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдык мааракесине арналган жаштар арасындагы айтышта байгелүү орунга татыган

2015-жылы "Ысык-Көл — манасчылардын мекени" аттуу айтышта байгелүү орунга ээ болгон


Мундузбек Усупбеков
1990-жылы 22-сентябрда Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызарт айылында туулган. Акындык өнөрдү төрт жылдан бери аркалап, устаты Элмирбек Иманалиевдин колунда тарбияланып келет.

Ашыраалы Айталиевдин 90 жылдыгына арналган "Жаш таңдай" айтышында 1-орунду багындырган.

Автор
Гүлдана Талантбекова

Фото
Табылды Кадырбеков, Азамат Тотубаев, Жоомарт Ураимов, Данияр Сандыбаев

Видео
Эмиль Садыров, Сергей Аладьев

Дизайнер
Даниил Сулайманов