Темир канат
ТОП-13 улакчы.
Аргымактар алкынып, эрлер жанын таштаганда
"Темир канат" — Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин маданиятка жана спорт тармагына салымын кошуп, кыргыздын атын далайга таанытып жаткан жаштарды элге таанытууга арналган долбоору.

Бул ирет көргөндүн көзүн жайнатып, канын кайнаткан, учурдун жаш, жалындуу улакчылары менен тааныштырабыз. Бул балдар тай кезинде ат үстүндө чоңойгон намыскөй жигиттер. Дал ушул жигиттер жакында эле Астанада өткөн дүйнөлүк көкпар оюнунда татыктуу оюн көргөзүп келишти.
Тынчтык Кабылбеков
Туулган жылы, күнү — 1982-жыл, 12-ноябрь
Туулган жери — Талас облусундагы Талас районунун Көк-Кашат айылы
Бою — 174 сантиметр
Салмагы — 90 килограмм
Билими — орто
Үй-бүлөдө — бир уул, бир кыздын атасы
Ойногон командасы — "Ынтымак"
Минген аты — "Торпедо"
Учурда — айылда дыйканчылык менен алектенет
Жетишкендиктери — 2003-жылы "Мыкты оюнчу" аталган, курама команданын жана "Ынтымак" тайпасынын курамында бир нече ирет мыкты оюн көргөзүп, сыйлык, байге, наамдарга татыган.

Карыпбек Эшиев
Туулган жылы, күнү — 1983-жыл, 27-декабрь
Туулган жери — Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айылы
Бою — 175 сантиметр
Салмагы — 78 килограмм
Билими — орто
Үй-бүлөлүк абалы — бир уул, бир кыздын атасы
Минген аты — "Эрке тору"
Ойногон командасы — "Ынтымак"
Учурда — мал чарбачылыгы менен алектенет
Жетишкендиктери — 2017-жылы "Мыкты оюнчу" аталган, курама команданын жана "Ынтымак" тайпасынын курамында бир нече жолу көз жайнаткан оюнда сыйлык, наам, байгелерди илип кеткен.

Жолдошбек Орозбаев
Туулган жылы, күнү — 1986-жыл, 30-апрель
Туулган жери — Талас облусундагы Талас районунун Кара-Суу айылы
Бою — 172 сантиметр
Салмагы — 70 килограмм
Билими — орто
Үй-бүлөсү — келинчеги менен үч кыз, бир уулду тарбиялашат
Ойногон командасы — "Ынтымак"
Минген аты — "Кайсар"
Учурда — мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенет
Жетишкендиктери — 2015-жылы "Мыкты оюнчу" аталган, курама команданын жана "Ынтымак" тайпасынын курамында кан кызыткан обн тартуулап көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон.

Акбар Иманбеков
Туулган жылы, күнү — 1987-жыл, 9-апрель
Туулган жери — Ысык-көл облусундагы Ысык-көл районунун Комсомол айылы
Бою — 165 сантиметр
Салмагы — 65 килограмм
Билими — орто
Үй-бүлөдө — эки кыз, бир уулдун атасы
Ойногон командасы — "Достук"
Минген аты — "Рекорд"
Учурда — күзөт кызматында иштейт
Жетишкендиктери — 2013-жылы "Мыкты оюнчу" аталган, курама команданын жана "Достук" тайпасынын курамында ойноп, кызыктуу оюн көрсөтүп келет. Бир топ байге, наамдарга татыган.

Нурманбет Койчукеев
Туулган жылы, күнү — 1988-жыл, 14-май
Туулган жери — Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнү
Бою — 174 сантиметр
Салмагы — 74 килограмм
Билими — орто
Үй-бүлөлүк абалы — бойдок
Ойногон командасы — "Биримдик"
Минген аты — "Туман"
Учурда — мал чарбачылыгы менен алектенет
Жетишкендиктери — 2013-жылы "Мыкты оюнчу" аталган, курама команданын жана "Биримдик" тайпасынын курамында бир нече ирет мыкты оюн көргөзүп, бир катар сыйлыктардын ээси.

Раушан уулу Урмат
Туулган жылы, күнү — 1989-жыл, 14-июль
Туулган жери — Талас облусундагы Кара-Буура районунун Бакайыр айылы
Бою — 182 сантиметр
Салмагы — 82 килограмм
Билими — жогорку
Үй-бүлөлүк абалы — бойдок
Ойногон командасы — "Ынтымак"
Минген аты — "Ахиллес"
Учурда — айылда мал чарбачылыгы менен алектенет
Жетишкендиктери — курама команданын жана "Ынтымак" тайпасынын курамында бир нече ирет мыкты оюн көргөзүп, сыйлык, байге, наамдарга татыган.

Рустам Тыналиев
Туулган жылы, күнү — 1989-жыл, 7-июль
Туулган жери — Чүй облусундагы Жайыл районунун Суусамыр өрөөнү
Бою — 178 сантиметр
Салмагы — 70 килограмм
Билими — орто
Үй-бүлөлүк абалы — жубайлардын ортосунда бир уул бар
Ойногон командасы — "Биримдик аюу"
Минген аты — "Комбат"
Учурда — айылда чакан ишкерлик менен алектенет
Жетишкендиктери — 2011-2015-жылдары "Жылдын мыкты оюнчусу" аталган, курама команданын жана "Биримдик аюу" тайпасынын курамында элди оюнга карк кылып, сыйлык, байге, наамдарга ээ болгон.

Замирбек уулу Таштемир
Туулган жылы, күнү — 1990-жыл, 25-октябрь
Туулган жери — Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылы
Бою — 185 сантиметр
Салмагы — 90 килограмм
Билими — орто
Үй-бүлөдө — келинчеги менен эки уулду тарбиялайт
Команда — "Достук"
Минген аты — "Алай"
Учурда — мал чарбачылыгы менен алектенет
Жетишкендиктери — 2012-2015-жылы "Мыкты оюнчу" аталган, курама команданын жана "Достук" тайпасынын курамында бир нече ирет мыкты оюн көргөзүп, сыйлык, байге, наамдарга татыган.

Анарбек уулу Сейитбек
Туулган жылы, күнү — 1992-жыл, 17-декабрь
Туулган жери — Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Арашан айылы
Бою — 171 сантиметр
Салмагы — 72 килограмм
Билими — орто
Үй-бүл — бир уул, бир кыздын атасы
Ойногон командасы — "Ынтымак"
Минген аты — "Актилек"
Учурда — Мал чарбачылыгы менен алектенет
Жетишкендиктери — курама команданын жана "Ынтымак" тайпасынын курамында бир нече жолу көз жайнаткан оюнда, сыйлык, наам, байгелерди илип кеткен.

Султан уулу Кубаныч
Туулган жылы, күнү — 1992-жыл, 28-октябрь
Туулган жери — Чүй облусундагы Жайыл районунун Суусамыр айылы
Бою — 180 сантиметр
Салмагы — 85 килограмм
Билими — орто
Үй-бүлөдө — бойдок
Ойногон командасы — "Биримдик аюу"
Минген аты — "Байтур"
Учурда — айылда мал чарбачылыгы менен алектенет
Жетишкендиктери — курама команданын жана "Биримдик аюу" тайпасынын курамында бир нече ирет мыкты оюн көргөзүп, сыйлактырдын ээси болгон.

Аскат Аскаров
Туулган жылы, күнү — 1993-жыл, 13-июль
Туулган жери — Чүй облусундагы Жайыл районунун Суусамыр өрөөнү
Бою — 175 сантиметр
Салмагы — 76 килограмм
Билими — орто
Үй-бүлөдө — бойдок
Ойногон командасы — "Достук"
Минген аты — "Токмок"
Учурда — айылда жеке ишкерлик менен алектенет
Жетишкендиктери — 2017-жылы "Мыкты оюнчу" аталган, курама команданын жана "Достук" тайпасынын курамында бир нече ирет мыкты оюн көргөзүп, сыйлык, байге, наамдарга татыган.

Манас Ниязов
Туулган жылы, күнү — 1993-жыл, 27-апрель
Туулган жери — Ош облусундагы Өзгөн районунун Дөң-Булак айылы
Бою — 183 сантиметр
Салмагы — 85 килограмм
Билими — орто
Үй-бүлүк абалы — бойдок
Ойногон командасы — "Достук"
Минген аты — "Бойка"
Учурда — Өзгөн айылдык кеңешинин депутаты, мал чарбачылыгы менен алектенет
Жетишкендиктери — 2016-жылы "Мыкты оюнчу", "Мыкты чабуулчу" аталган, курама команданын жана "Достук" тайпасынын курамында бир нече ирет кан кызыткан беттеште сыйлык-наамдарга татыган.

Мелисбек уулу Нуржан
Туулган жылы, күнү — 1994-жыл, 24-июль
Туулган жери — Талас облусундагы Кара-буура районунун Бакайыр айылы
Бою — 183 сантиметр
Салмагы — 88 килограмм
Билими — орто
Үй-бүлөдө — бойдок
Ойногон командасы — "Ынтымак"
Минген аты — "Ракета"
Учурда — мал чарбачылыгы менен алектенет
Жетишкендиктери — 2016-жылы "Мыкты оюнчу" аталган, курама команданын жана "Ынтымак" тайпасынын курамында бир нече ирет мыкты оюн көргөзүп, сыйлык, байге, наамдарга татыган.
Автор
Гүлдана Талантбекова

Фото
Максат Элебесов, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы

Видео
Эмил Садыров

Дизайнер
Даниил Сулайманов