Темир канат
ТОП-8.
Көркөм өнөрдү көрктөгөн жаш дастанчылар кимдер?
"Темир канат" — Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин маданиятка жана спорт тармагына салымын кошуп, кыргыздын атын далайга таанытып жаткан жаштарды элге таанытууга арналган долбоору.

Бул жолу саны саналуу, ыры ырааттуу, сөзү көркөмдүү келген учурдун жаш жана ийгилик жараткан дастан айтуучуларын тизмектейбиз.

Мээрим Карыпова
Туулган жылы, күнү — 1983 жыл, 9-декабрь
Туулган жери — Чүй облусундагы Москва районунун Ак-Торпок айылы
Билими — Кыргыз улуттук консерваториясынын салттуу музыка жана фольклор факультетин аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы — бир уул, бир кыздын апасы
Өнөргө карай жолу — 4-класстан тарта ырдап, эки жылдан кийин Роза Аманованын колунда шакирт катары тарбияланган. Мектеп курагында өнөргө байланыштуу кароо-сынактарда башкы орундарды алган окуучулардын сап башында болгон.

Устаты — КРдин Эл артисти Роза Аманова

Жетишкендиктери — 2009-жылы Барпы Алыкуловдун 125 жылдыгына арналып өткөрүлгөн дастанчылардын сынагында баш байгенин ээси, 2015-жылы "Дүйнө элдерининин эпостору" күндөрүндө өткөн дастанчылар сынагында 1-орун, Атай Огонбаевдин 110 жылдыгына арналган конкурстун жеңүүчүсү, Уркуя Салиеванын 100 жылдыгына арналган сынакта 1-орун. Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинин ээси.

Учурда — 2007-жылдан бери Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университеттин фольклор факультетинде окутуучу болуп эмгектенет, Т.Сатылганов атындагы филармониянын "Эл ырчысы Эстебес" тобунда солист.

Нурзат Айдаркулова
Туулган жылы, күнү — 1983-жыл, 26-сентябрь
Туулган жери — Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кызыл-Жар айылы
Билими — Кыргыз улуттук консерваториясынын комуз бөлүмүн бүтүргөн
Үй-бүлөлүк абалы — башы бош
Өнөргө карай жолу — чыгармачылыкка ата-энесинин таасири менен келген. Атасы Абдыжапар Айдаркулов комузда ойноп, ыр жазып, обон жараткан киши. Ал жараткан обондорду апасы өздөштүрүп, балдарына үйрөтүп келген. Жаштайынан өнөр сересинде чоңойгон Нурзат мектеп курагынан тарта комуз менен ырдап, дастанчылыкка байланышкан кароо-сынактарга бирин калтырбай катышып келген.

Устаттары — атасы Абдыжапар Айдаркулов, Жолболду Алыбаев, Бекболот Абдубалиев, Бурул Стамкулова.

Жетишкендиктери: 2007-жылы "Оболо кыргыз кайрыктары" телесынагынын дастан жанры боюнча женүүчүсү, Уркия Салиеванын 100 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн республикалык кароо сынакта фольклордук жанр боюнча 2-орунга, Казакстанда өткөн эл аралык "Элимдин тагдыры — менин тагдырым" фестивалында 1-орунга татыган. Түркиянын Анкара шаарында өткөн эл аралык "Pursaklar Belediyesi" фестивалынын дипломанты,

Ала-Тоо таншыйт-2016 улуттук музыкалык сыйлыгынын ээси, жылдын мыкты дастанчысы.

Учурда — Бишкек мэриясынын алдындагы Эл аспаптар оркестринин солисти болуп эмгектенет

Калыбек Турганов
Туулган жылы, күнү — 1985-жыл, 5-февраль
Туулган жери — Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Дөң-Талаа айылы
Билими — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин фольклор бөлүмүнүн дастан классын аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы — эки уулдун атасы
Өнөргө карай жолу — үй-бүлөсү чыгармачылыкка жакын болгондуктан, мектеп курагынан тарта колго комуз алып ыр-күүгө сугарылып чоңойгон. Ошондо эле "Курманбек", "Кожожаш" өңдүү көлөмдүү дастандарды айта баштаган.

Устаттары — төкмө акын Замирбек Үсөнбаев, манасчы-дастанчы Самат Көчөрбаев

Жетишкендиктери — 2015-жылы "Салттык музыка" сынагынын элдик ыр боюнча баш байге ээси, 2016-жылы "Эсимде" конкурсунун элдик ырларды аткаруу боюнча 3-орундун ээси, дастанчылык, төкмө акындар боюнча өткөрүлгөн конкурстардын катышуучусу.

Учурда — "Сапат" эл аралык түрк лицейинде музыка мугалими болуп эмгектенет.

Турдукан Сарбанова

Туулган жылы, күнү — 1986-жыл, 17-сентябрь
Туулган жери — Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Ак-Тектир айылы
Билими — Улуттук консерваториясынын элдик ыр ырдоо бөлүмүн аяктаган
Үй-бүлөлүк — бир уул, бир кыздын энеси
Өнөргө карай жол — мектеп курагынан тарта өнөргө жакын өскөн. Ошондо "Мээрим" фонду уюштурган жаш таланттар кароо сынактагында дастан айтуу, ыр аткаруу боюнча катышып башкы орундарды алып жүргөн.

Устаттары — Улукмырза Полотов, Тууганбай Абдиев, Самара Токтогонова, Калыйбек Жекшенов

Жетишкендиктери — "Ысык-Көл-2010" фестивалында вокал жанры боюнча 3-орун, 2013-жылы маданият министрлигинин, 2016-жылы Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасына татыган. Дастанчылык, элдик ырларды ырдоо боюнча көптөгөн сынактардын жеңүүчүсү.

Учурда — Улуттук филармониянын алдындагы "Эл ырчысы Эстебес" тобунун солисти.

Басарбай уулу Майрамбек

Туулган жылы, күнү — Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Талды-Суу айылы
Туулган жери — 1991-жыл, 1-январь
Билими — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин салттык музыка бөлүмүн аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы — бойдок
Өнөргө карай жолу — үй-бүлөсү чыгармачылыкка жакын болгондуктан өнөр жолуна түшкөн. Мектеп курагында райондук, облустук деңгээлдеги сынактарга катышып, жигердүүлүгүн көрсөтө баштаган.

Устаты — манасчы-дастанчы Самат Көчөрбаев

Жетишкендиктери
— 2013-жылы Казакстанда жана Кореяда өткөн эл аралык фестивалдын катышуучусу

Учурда —
чыгармачылык менен алпурушууда

Уулжан Жумабекова
Туулган жылы, күнү — 1991-жыл, 7-март
Туулган жери — Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Кызыл Октябрь айылы
Билими — Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн элдик вокал багыты боюнча билим алган
Үй-бүлөдө — турмушка чыга элек
Өнөргө карай жол — апасынын ырчы болуу тилегин орундатып, кичинесинен тарта ыр өнөрүнө ык алып, устаты Роза Аманованын колунан тарбияланып чыгармачылыкка аралашып келе жатат.

Устаттары — КРдин Эл артисти Роза Аманова

Жетишкендиктери — 2015-жылы "ТҮРКСОЙ" уюмунун Астанада өткөн эл аралык салттуу музыка боюнча өткөн фестивалынын Ардак грамотасынын ээси. Өзү эмгектенген "Маржан" тобу менен бир топ сынакта алдыңкы орундарга татыган.

Учурда — Кыргыз-Түрк "Манас "университетинин көркөм өнөр факультетинде жана И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин көркөм маданият жана билим берүү факультетинде окутуучу болуп эмгектенет.

Токтоболот уулу Улукбек
Туулган жылы, күнү — 1994-жыл, 13-июнь
Туулган жери — Талас облусундагы Манас районунун Чеч-Дөбө айылы
Билими — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин салттык музыка жана фольклор бөлүмүнүн дастанчылык багытында билим алат
Үй-бүлөлүк абалы — бойдок
Өнөргө карай жолу — мектепте окуп жүргөндө комуз ийримине катышып, чыгармачылыкка болгон кызыгуусу арта баштаган. Айылдык жана райондук кароо-сынактарга катышып, мыкты жетишкендиктерге ээ болгон.

Устаты — манасчы-дастанчы Самат Көчөрбаев

Жетишкендиктери — 2015-жылы "Дүйнөлүк элдердин эпостору" эл аралык этникалык маданий фестивалынын алкагында өткөн дастанчылардын сынагында 2-орун, "Тарых жана маданият" жылында салттуу музыка күнүнө карата өткөрүлгөн терме-санат аткаруу боюнча сынакта 3-орун, ушул эле сынактын дастан айтуучулук багыты боюнча 1-орунду багындырган.

Учурда — акындардын "Төкмө келсе төр бошот" долбоорунун жигердүү катышуучусу.

Беназир Токтобекова

Туулган жылы, күнү — 1997-жыл, 26-июнь
Туулган жери — Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Кара-Тектир айылы
Билими — Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин консерватория бөлүмүнүн студенти
Үй-бүлөлүк абалы — турмушка чыга элек
Өнөргө карай жол — кичинекей кезинен тарта ыр-бийге жакын өскөн. 4-классында Токтогул районундагы музыкалык мектептин комуз классына кабыл алынып, төрт жылдан кийин ырдоо жөндөмдүүлүгүн кошуп дастанчылык өнөргө ык алган.

Устаты — КРдин Эл артисти Роза Аманова

Жетишкендиктери — 2009-жылы Сары-Өзөн районунда өткөн "Аялуу жан сырым адам дилинде. Айта алат бир гана эне тилинде" сынагында 1-орунду алган. Ошол эле жылы облустук деңгээлдеги дастанчылык сынакта 2-орунга татыган.

Учурда — окуу менен алектенет, "Маржан" тобунун солисти
Автор
Гүлдана Талантбекова

Фото
Жоомарт Ураимов

Видео
Эмиль Садыров, Сергей Аладьев

Дизайнер
Даниил Сулайманов