Бишкекте батирлер кымбаттоодо. Эми качан жана кантип арзандайт?
Бир жыл мурун эле курулуш ишканалары жапжаңы батирлерди автомобилге да алмашууга даяр болсо, соңку кездеги баалар мындай берешендикке чекит коюла баштаганын айгинелейт.

Ар кыл баалоолор боюнча, жыл ичинде эле Бишкекте батир жана үйлөрдү 5-17 пайызга чейинки нарк менен сатып алышкан. Маселен, шаардыктардын табитине төп болгон 105-үлгүдөгү эки бөлмөлүү, калаанын дал ортосундагы батир азыр дээрлик 45 миң доллар турса, былтыр эле 43 миң долларга бааланчу.
Бишкекте батирлердин кымбатташынын
6 себеби
Акыркы кезде шаардын ар бир тургунуна унаа же эски турак жайдын ордуна жаңы батир тартуулоо туурасындагы жарнамалык такталар тагылбай калды. Арзандатуулар да мурдагыдай көп эмес, сатуучулар да кеп-сөзгө келбей калган чагы.

Мындай кырдаалга кескин таасир эткен алты себеп бар:
1
Эмгек мигранттары жөнөткөн каражаттын көбөйүшү
Журтташтардын мекенге жөнөткөн акчасынын көлөмү Бишкектеги турак жай наркын аныктайт. Кырдаалга сереп салып, муну тактадык: 2014-жылы чарчы метр баасы эң жогорку чекке жеткен маалда сыртта эмгектенген мекендештерибиздин акча которууларынын саны да өскөн. 2015-жылы рубль арзандап, көбүнесе Россияда иштеген мигранттар аз акча жөнөтүп калышкан. Андан улам батир баалары кыска убакыт ичинде эле алда канча төмөндөгөн.
Айдар Сукенбаев
Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Мамлекеттик маалыматтык тутум (ММТ) борборунун турак жай рыногун анализдөө боюнча башкы адиси
2
Элде акча көбөйдү
Жакында базардагы бааларга көзүм урунду: экинчи колдогу турак жайлар жай мезгилинде 16-17 пайызга кымбаттады. Эгер биздин ишкана туурасында айта турган болсом, мурдагы жылга салыштырмалуу быйылкы жайда батирлерибиз 60 пайызга көп сатылды.
Тимур Файзиев
Elite House КИнын түптөөчүсү жана башкы директору
3
Мамлекеттик ипотекалык ишкана ишке кирди
Азыркы чакта курулуш ишканаларынын бир кардарды көндүрө албаса, кийинкисин макулдатууга болоруна көзү жетти. Мамлекеттин анча чоң эмес пайыз менен ипотекага турак жай алууга көмөк көрсөтүп жатканы бул тармакты жандантты. Бул элдин көптөн күткөн тилегин орундатып конуштуу кылат, демек, мындан улам талап да күчөйт.
Замир Чаргынов
City Development курулуш ишканасынын жетекчиси
4
Кризис кезинде көптөгөн курулуш ишканалары жабылган
2015-жылы ишкерлер арасында атаандаштык аеосуз эле. Сатып алуучулардын көңүлүн буруу үчүн бааны төмөндөтүп турушкан. Мен билген курулуш ишканаларынын 20-25 пайызы бул тармакта ишти улантып-улантпоосу арсар.
Нарбек Абдуллаев
"ЖИА" бизнес-бирикмесинин курулуш комитетинин төрагасы
5
Күз (убактылуу таасир)
Адатта июнь-июль айларында иш токтойт. Эл батирин сатуу боюнча жарыя берет, бирок кызыккандар жокко эсе. Эгер сатуучу акчага зарылып турса, ал баасын аябагандай эле түшүрөт. Ал эми күздө рынок жанданат, жайдагыдай арзандатууга жол берилбейт.
Полина Мартынова
Кыймылсыз мүлк боюнча адис
6
Жаңы экономикалык мезгил башаты
Бир мезгил алты жылга созулат. Мурункусу 2011-жылы баалардын акырындап өсүшү менен башталган. 2014-жылы кыймылсыз мүлктүн акысы жетер чегине жеткен, 2015-2016-жылдары гана төмөндөп келет. Быйыл жайда баа кайра жогорулап, батирдин бир чарчы метри июнь айында 47,5 миң сомду түзсө, июлда 48 миңге чыккан.
Айдар Сукенбаев
Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Мамлекеттик маалыматтык тутум (ММТ) борборунун турак жай рыногун анализдөө боюнча башкы адиси
Баалар мындан ары кандай багыт алат?
Эгер сезондук таасирди эске ала турган болсок, мурдагыдай көрүнүш кайталанат: жайында жана жыл жаңырган маалда баа түшөт, ал эми күздө жана жазда көтөрүлөт.

Эгер турак жайды арзан баада алгыңыз келсе, анда саратанда – июнь-июлда чыгынганыңыз оң. Сатуучулар үчүн эң жымжырт учур, сатып алуучулар абдан аз. Андай чакта арзандатууларга да барышат, кызыкдар адамдар аз, ал эми акча зарыл.
Полина Мартынова
Кыймылсыз мүлк боюнча адис
Борбор калаада турак жай наркы тез арада жогорулап кетпейт го. Ага жөнөкөй эле бир себеп да кошумча. Кризис тушунда көп киши кымбаттаганда сатабыз деп арзан бир нече батир алып коюшкан.

Азыр аларды курулуш ишканаларыныкынан да төмөн баада сатыкка коюшууда. Андан тышкары, кризис кезинде курулуш компаниялары бетон жана батирдин арматураларын саткан ишканалар менен айырбаштап кызматташкан. Курулган турак жайлардын орто эсеп менен 10 пайызы аларга берилгенин кесе айта алам. Ошол батирлер да сатыкка сатып алуучулар үчүн эң эле ыңгайлуу баада сатылууда.
Замир Чаргынов
City Development курулуш ишканасынын жетекчиси
Мындан сырткары, Бишкекте турак жай рыногу коңшу мамлекеттерде жүргөн өзгөрүүлөрдөн да таасир алат. Ал жактардагы кырдаалга караганда Бишкекте олуттуу көлөмдө баа көтөрүлөрү күмөн.

Жакынкы эки жылда баа кескин өспөй турганы анык. Андан кийин гана тез жогорулап кетиши ыктымал. Себеби, өлкөгө акча агымын киргизип турган эмгек мигранттарыбыз басымдуулук кылган Россияда жана дегеле дүйнө жүзүндө экономикалык өсүш байкалбайт.
Данияр Иманалиев
"Имарат Строй" курулуш ишканасынын жетекчиси
Курулуштун дүркүрөп өсүшү болгону менен турак жай бардыгына тегиз жетпей келери белгилүү. Статистика көрсөткөндөй, бишкектиктер абдан тар шартта жашайт. Дүйнөлүк уюм сунуштаган киши башына 30 чарчы метр турак жай деген стандартка Бишкек дал келбей турганы айдан ачык.

Бизде ар бир кишиге 12 чарчы метр гана туура келет. Эгер башка мамлекеттер менен салыштыра турган болсок, бул көрсөткүч Россияда – 20, ал эми Казакстанда – 22 чарчы метр. Демек, өлкөдө турак жайга болгон талап өсө берери бышык.
Тимур Файзиев
Elite House курулуш ишканасынын түптөөчүсү жана башкы директору
Тек гана аздыр-көптүр узак мөөнөттүү божомолду глобалдык экономикалык циклге жараша кылууга болот. Ага ылайык, баа жетер чегине 3-4 жылдан кийин гана чыгат.

Келерки экономикалык циклдин чеги 2019-2020-жылга туура келет. Ал мезгилге чейин, башкача айтканда, жакынкы эки жыл ичинде турак жай баасы өскөнү менен ыкчамдыгы жай болот. 2020-жылдан кийин гана кайрадан түшө баштайт. Бирок бул өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү эске албай жасалган божомол.
Айдар Сукенбаев
Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Мамлекеттик маалыматтык тутум (ММТ) борборунун турак жай рыногун анализдөө боюнча башкы адиси
Бишкекте батир сатып же сатып алууга камынгандар үчүн маанилүү фактылар
Серепчилер кыймылсыз мүлк рыногуна байланышкан бир нече көрүнүштөргө көңүл бурдурат. Маселен, турак жай канчалык арзан болсо, талап ошончолук жогору.
1
30 миң доллардан төмөн баадагы батирлер дароо сатылып кетет
Бишкекте арзан нерсенин баарына талап чоң. Борбор калаадагы сатып алуучулардын тандоосуна төп келген бир бөлмөлүү батирлер көз ачып-жумганча сатылат.

Эл ошондой эле орточо баадагы тамдарды да аябай сатып алышууда, алар болгону жер аянтынын чоңдугуна кызыгышат. Үйдүн жарымы болсо да, алар үчүн башкысы – жер тилкеси. Ал канчалык кенен болсо, ошончолук тез өтөт.
Полина Мартынова
Кыймылсыз мүлк боюнча адис
2
Кадимки "каймактуу" турак жай саналган там-ташка кызыгуу басаңдап барат
Адистердин пикиринде, люкс үлгүсүндөгү кыймылсыз мүлктү сатуу оңой эмес. Соңку 3-4 жылда бул топтогу турак жай аябай арзандады. Эки же үч кабаттуу ири үй аны курууга сарпталган каражатты жаба тургандай 500 миң долларга сатылбай турганын көбү түшүнө албай келет. Биринчиден, доллардын куну түшкөн. Экинчиден, бул убакыт аралыгында мурдагыдан да көп ири тамдар курулуп, алардын баары сатыкка коюлган.
Полина Мартынова
Кыймылсыз мүлк боюнча адис
3
Ал эми өзгөчөлөнгөн көп кабаттуу үйлөр — көпчүлүктүн көзүн күйгүзөт!
Адистер белгилегендей, жаңы курулган көп кабаттуу үйдү эле заманбап, өзгөчө деп атоо натуура. Чыныгы люкс тибиндеги турак жайга талап чындыгында эле күч.

Эки көрүнүштү баса белгилейт элем. Биринчиси — тосулган клубдук шаарчалар. Анда тургундар үчүн бардык шарттар бар: дүкөндөр, фитнес-борборлор, сулуулук салондору жана башкалар. Экинчи көрүнүш кыймылсыз мүлктүн жайгашкан жерине байланыштуу. Экологиялык жактан таза аймактардагы үйлөргө да талап өскөн.
Тимур Файзиев
Elite House курулуш ишканасынын түптөөчүсү жана башкы директору
4
Бишкек түштүккө карай жылып барат
Курулушчулардын айтымында, Бишкектин чок ортосунда жердин баасы асман чапчыды. Жүз чарчы метри 50-100 миң долларды түзөт. Шаардын түштүк тарабында 5-6 эсеге арзан.

Курулуш ишканаларына борбордо турак жай куруу пайдасыз, себеби, даяр батирлерге баа анча көтөрүлө элек эмеспи. Ошол себептен, алар түштүк магистралды бойлой турак жай курууга билек түрө киришкен. Анткени, ал жактагы батирлерди деле шаардын борборундагы баада эле сата алышат. Бишкектин "алтын чарчысы" атыккан аймагы кеңселер дүйнөсүнө айланып барат.
Замир Чаргынов
City Development курулуш ишканасынын жетекчиси
5
Жайлуулук: бишкектиктердин көзү жаңы үйлөргө түшө башташты
Жапжаңы батирдин ичин өз алдынча бүтүрүп, жасалгалап алуу 20 жылдан бери ремонт көрө элек эски батирлерди жаңылоого караганда арзан түшөрүн баары түшүнүп калышты. Анан да жаңы курулган үйдө өз батириңди каалагандай пландап алсаң болот. Бирок бул курулуп бүткөн үйлөргө гана тиешелүү.

Үй ишке берилгенче андан батир сатып алуудан элдин качып калганын көрдүм. Бөлүп төлөө же башка жол менен да сатып алгылары жок, себеби, өз мөөнөтүндө бүтөрүнө эч ким кепилдик бере албайт. Андан тышкары, колго тийбеген батирге эч бир банк да ипотекалык насыя бербеси анык эмеспи.
Полина Мартынова
Кыймылсыз мүлк боюнча адис
6
Бишкекте турак жай ижарасы да чөнтөккө мурдагыдай оорчулук келтирбейт
Ашык акчасына турак жай алып, ижарага берүүнү көздөгөн бишкектиктер үчүн жагымсыз жаңылык — жылдан жылга бул ыкма кирешесиз болуп баратканы байкалат.

Бишкектиктер узак жылдар бою ижарага берип пайда табуу кыялында батир сатып алып келишкен. Жылдан жылга андай турак жайлар арбыган. Ижара акысы азыр абдан түштү: беш жыл мурун 300 долларга араң бир бөлмөлүү батир алып келишсе, азыр бардык шарты, жакшы ремонту менен эки бөлмөлүү үйдү калаанын дал ортосунан ижаралай алат.
Замир Чаргынов
City Development курулуш ишканасынын жетекчиси
Батир сатып же сатып алууну чечкендер үчүн юридикалык кеңеш
Экинчи колдон алчу кыймылсыз мүлк сатып алуудан мурда ал турак жай камакка алынбаганын же күрөөгө коюлбаганын тактаңыз. Бул туурасында так маалыматты Кыймылсыз мүлк укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен таба аласыз. Жактырган батирин сатып алууга ашыккан сатып алуучуга караганда сатып жаткан тараптын алдап коюу мүмкүндүгү жогору экенин эске алуу зарыл.
Владимир Плужник
"Вигенс" бирдиктүү укук борборунун президенти
Автор
Асель Минбаева

Фото
Михаил Дудин, Акылбек Батырбеков,
Табылды Кадырбеков

Дизайнер
Даниил Сулайманов

Булак
sputnik.kg