Бишкектен кантип батир сатып алам? Кыймылсыз мүлк менен иштегендерден
кеп-кеңеш
Кыймылсыз мүлктү кайсы маалда сатып алган оң, жакын арада турак жайга болгон баа кандай өзгөрөт? Булар туурасында Sputnik Кыргызстан сураштырып чыкты.

Бул материалда батир сатып алууга чамынган бишкектик тургундун оюнда туулчу бардык суроолорго жооп топтодук. Каарманыбыз Болот батир сатып алууга кызыкдар. Ага тиешелүү адистер жооп беришти. Кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган макаладан таанышыңыздар.
Болот
Кубанычымда чек жок! Акыры Бишкектен батир алууга каражат топтодум. Борбордон конуштуу болгум келет. Азыр алар канча турат?
105-үлгүсүндөгү бир бөлмөлүү үй калаанын борборунда 29,6 миң доллар, ал эми эки бөлмөлүү — 44,8 миң доллар, үч бөлмөлүүлөр — 50 миң доллар турат
Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти
Болот
Ммм... Былтыр мындан арзан болчу!
Ооба, бул рынокто экинчи колдогу үйлөрдүн баасы быйыл жайда 16-17 пайызга өстү
Тимур Файзиев, Elite House КИнин түптөөчүсү жана башкы директору
Биздин ишкана боюнча айтсам, батир бааларын мурдагы бойдон калтырдык, болгону арзандатууларды токтоттук
Замир Чаргынов, City Development курулуш ишканасынын жетекчиси
Болот
Эмнеге кымбаттап кетти??? Кандайча мындай болду?
Бишкектеги батир баасы Россиядан мигранттардын акча которууларына жараша өзгөрөт. 2013-жылы да көп акча жөнөтүлүп, баа абдан жогорулап кеткен эле. 2016-жылы акча которуунун көлөмү аз болуп, баа да түшкөн. Быйыл кайра көбөйдү
Айдар Сукенбаев, МККнын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин ММТ борборунун турак жай рыногун анализдөө боюнча башкы адиси
Мигранттардын акчасынын 33 пайызы ипотекалык насыяларды жабууга жумшаларын эске алуу оң
Тимур Файзиев, Elite House КИнин түптөөчүсү жана башкы директору
Андан тышкары, курулуш ишканаларынын 30 пайызы соңку жылдардагы кризиске туруштук бере алган жок. Азыр жаңы батирлердин саны аз, бул да баанын жогорулашына себеп
Нарбек Абдуллаев, "ЖИА" бизнес-бирикмесинин курулуш комитетинин төрагасы
Болот
Менимче, азыр сатып алууга акчам жетпейт өңдөнөт. Эгер бир аз күтө турсам, баа дагы өсүп кетпейби?
Эгер арзаныраак алгыңыз келсе, батирди июнь-июль айларында сатып алганыңыз дурус. Сатып алуучулардын аздыгынан улам сатуучулар бааны алда канча түшүрөт. Ушундай эле жагымдуу мүмкүнчүлүк январь-февраль айларында да жаралат
Полина Мартынова, кыймылсыз мүлк боюнча адис
Болот
Жылдын кайсы маалында турак жай сатып алуу ылайык эмес?
Сентябрь-ноябрь жана март-апрель айларында. Бул кез кыймылсыз мүлк рыногу жандана түшкөн убак
Полина Мартынова, Кыймылсыз мүлк боюнча адис
Болот
Батир сатып алууда каражат үнөмдөп калуунун жолу барбы?
Үйдүн пайдубалы куюлуп жатканда, ар кандай акциялар маалында сатып алсаңыз, акча үнөмдөй аласыз. Бирок мындайда курулушчунун кадыр-баркын жакшылап изилдеп чыгыңыз
Тимур Файзиев, Elite House КИнин түптөөчүсү жана башкы директору
Болот
Бишкекте кандай турак жайга талап күч?
Арзан баадагы үйлөргө. Бир бөлмөлүү батирлер – эң өтүмдүү вариант. Анан да чоң жер тилкеси бар тамдар
Полина Мартынова, кыймылсыз мүлк боюнча адис
Болот
Мм... кайра сатуу кыйынга турабы?
Өзгөчө ири үйлөрдүн баасы түштү. Мурда жарым миллион долларга сатылып алынган үйлөрдүн наркы азыр бир топ төмөндөп кетти
Полина Мартынова, Кыймылсыз мүлк боюнча адис
Болот
Эх, "өзгөчө" үйлөр кыялымда гана калат окшойт. Бирок мурдагыдай асмандын башын чапчыган баалар болбойбу?
Жакын арада андай болушу арсар. Акыркы жылдары курулушчулар керектелген материалдар үчүн батирлерин сунуштап келишкен. Батирлердин 10 пайызы бартерге кеткен. Азыр алар да арзан баада сатылууда, бул дагы рынокко таасир этпей койбойт
Замир Чаргынов, City Development курулуш ишканасынын жетекчиси
Экономикалык цикл ар бир алты жылда алмашып турат. Божомолубуз боюнча баанын кийинки кескин жогорулашы 2019-2020-жылга туш келет. Ага чейин баа абдан жай гана көтөрүлөт
Айдар Сукенбаев, МККнын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин ММТ борборунун турак жай рыногун анализдөө боюнча башкы адиси
Болот
Макул, батир алууга дагы акча топтоп, азырынча ижаралап турайын. Ал жагында баа кандай?
Кыргызстанда батир сатып алуу инвестицилоо ыкмасы болуп саналат. Оокаттуу бишкектиктер акыркы мезгилдерде батир сатып алып, аларды ижарага берип келишкен. Беш жыл мурун бир бөлмөлүү батирди 300 долларга берсе, азыр бул каражат калаанын чок ортосунан ремонту жаңы эки бөлмөлүү үйдү ижаралоого да жетет. Ижара акысы мындан ары арзандагандан арзандай бермекчи
Замир Чаргынов, City Development курулуш ишканасынын жетекчиси
Автор
Асель Минбаева

Дизайнер
Даниил Сулайманов

Булак
sputnik.kg