Темир канат
ТОП-9.
Жүрөктү калбыр кылмай болушту!.. Жазма акындардын жаш мууну кимдер?
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин "Темир канат" долбоору маданиятка жана спорт тармагына салымын кошуп, өлкөнүн атын алыска таанытып жаткан жаштарды элге таанытууга арналган.

Бул жолу жан дүйнөсүн ак баракка түшүргөн жаш жана ийгилик жараткан учурдун жазма акындарын тизмектедик.
Эрлан Жумагазиев
Туулган жылы, күнү — 1983-жыл, 20-октябрь
Туулган жери — Нарын облусундагы Кочкор районунун Кара-Мойнок айылы
Билими — Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунан кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болгон.

Үй-бүлөлүк абалы — 1 кыздын атасы

Өнөргө карай жолу — ыр дүйнөсүнө 13 жашынан тарта аралаша баштаган. Эң биринчи кеп-кеңешти, ак батаны кыргыз Эл Баатыры Сүйүнбай Эралиевден алган.

Устаты — эң негизги устаты китеп деп эсептейт

Жетишкендиктери, эмгектери — Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. 2010-жылы "Жан дүйнө жаңырыгы", 2017-жылы "Машакат өмүр" ыр жыйнактар китебин, "Акыбет" повестин чыгарган.

Учурда — диний адабияттар боюнча редактор

Калича Жакыпова
Туулган жылы, күнү — 1984-жыл, 1-ноябрь
Туулган жери — Нарын шаары
Билими — Кыргыз улуттук агрардык университетинин гидромелиорация факультетин аяктаган

Үй-бүлөлүк абалы — турмушка чыга элек

Өнөргө карай жолу — 12-13 жашынан тарта ыр жаза баштаган. Жигердүү кыздын эмгектери жергиликтүү гезит-журналдарда жарык көрүп турган.

Устаттары — Жылдызбек Турсунбаев, Жыргалбек Касаболотов

Жетишкендиктери, эмгектери — "Шабыт" эл аралык фестивалынын лауреаты, 2014-жылы Казакстанда өткөн конкурста "Мыкты адабий чыгарма" номинациясы боюнча Нагима Өтепова атындагы сыйлыкка татыган, Эл аралык "Нурборбор" чыгармачыл академиясы жана "Бейне-өнөр" коомдук фонду уюштурган "Сөз зергери" республикалык сынагында лирика багытында "Сезим күүсү" номинациясы боюнча жеңүүчү деп табылган. Түрк тилдүү жаш акын-жазуучулар биримдигинин мүчөсү. "Эйфория" китебинин жана "Топурак деми" котормо китебинин автору.

Учурда — 2008-жылдан бери "Кыргызсуудолбоор" ишканасында инженер-долбоорлоочу болуп эмгектенет.

Умар Нусубалиев
Туулган жылы — 1990-жыл, 7-март
Туулган жери — Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун Молотов айылы
Билими — орто

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Өнөргө карай жолу — 6-классынан тарта ыр жазып, мектептеги иш-чараларга активдүү катышып, дубал гезитке ырлары жарыяланып турган. 2012-жылы Эл аралык "Нурборбор" чыгармачыл академиясынын "Жаңы толкун" адабий клубуна мүчөлүккө алынган.

Устаты — Нурлан Калыбеков

Жетишкендиктери, эмгектери — 2015-жылы Таттыбүбү Турсунбаева атындагы республикалык фонд өткөргөн "Таттыбү — кыргыз поэзиясында" аттуу сынактын жеңүүчүсү. 2015-жылы "Бейне өмүр" коомдук фонду тарабынан уюштурулган жыл мыктыларын аныктоо конкурсунда "Мекенчил үн" номинациясына татыган. 2016-жылы "Улуу тилегим" аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн.

Учурда — чыгармачылык менен алектенет

Чилде уулу Эрмек
Туулган жылы, күнү — 1990-жыл, 3-июнь
Туулган жери — Нарын облусундагы Нарын районунун Жалгыз-Терек айылы
Билим — орто

Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

Өнөргө карай жолу – 12-13-жашынан бери калем кармап ыр жазат. Жаш кезинен адабий китептерге ынак өскөн.

Устаты – бир акын эже (атын сыр тутат)

Жетишкендиктери, эмгектери – Эл аралык "Нурборбор" чыгармачыл академиясынын мүчөсү.

Учурда – Жеке ишкер

Нуркыз Рыскул кызы
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 8-январь
Туулган жери – Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылы
Билими — Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз филология факультетин аяктаган

Үй-бүлөлүк абалы — 1 кыздын апасы

Өнөргө карай жолу — атасынан калган акындык өнөр мектеп жашында эле байкалып, 7-классында алгачкы ыр саптарын жарата баштаган. Аны байкаган атасы борборго алып келип, акын Жыпар Исабаева, Бактыгүл Чотуроваларга тааныштырып, шакирттикке өткөрүп берген. Кийин Эл аралык "Нурборбор" чыгармачыл академиясынын жаштарына аралашып, улуу акындардын тарбиясын алган.

Устаты – Жыпар Исабаева

Жетишкендиктери, эмгектери — 2011-жылы жарык көргөн "Поэзия, сени сүйөм!" аттуу ыр жыйнагынын автору. Кыргыз радиосу тарабынан уюштурулган "Таланттар таймашы" уктуруусунун акындык өнөр боюнча 2-даражадагы дипломдун эки жолку ээси. КРдин Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, "Келечек жаштары" коомдук бирикмеси биргелешип уюштурган республикалык университеттер аралык "Атам-энем — ырысым, атам-энем — бакытым" аттуу конкурста баш байгенин ээси. 2015-жылы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Учурда — "Обон", "Фабула Пресс" гезиттеринде кабарчы. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын "Адабий бөлүмүнүн" жетекчиси. Коомдук биринчи каналдын "Маданият, тарых, тил" каналынындагы "Театр сахна" теледолбоорунун алып баруучусу.

Акбар Кубанычбеков
Туулган жылы, күнү — 1992-жыл, 22-апрель
Туулган жери — Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Кара-Суу айылы
Билими — Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн

Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

Өнөргө карай жолу – 12-13 жашынан баштап ыр жаза баштаган. Рахиля аттуу кыргыз тилчи эжеси ыр жазууга шыктандырып, чыгармачылык жактан тарбиялаган. Окуу жайдан мыкты мугалимдерден сабак алып, акындык өнөр менен кеңири таанышкан.

Устаты – Калича Жакыпова

Жетишкендиктери, эмгектери – "Периштенин канаты", "Бир күн" китептеринин автору. Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгынын лауреаты, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Учурда – "Шайыр апалар" телефестивалынын алып баруучусу

Максат Жангазиев
Туулган жылы, күнү — 1992-жыл, 2-август
Туулган жери — Жалал-Абад облусунун Токтогул району
Билими — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын укук жана башкаруу факультетинин мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүндө сырттан билим алат.

Үй-бүлөлүк абалы — келинчеги бар

Өнөргө карай жолу – 6-класстан баштап ыр жаза баштаган. 8-класста окуп жүргөндө жазма акындардын райондук "Башат" аттуу альманахына алгачкы ырлары жарыяланган. Бул болочок акындын чыгармачылыгына чоң дем-күч берген.

Устаты – улуу акындардын дээрлик бардыгы

Жетишкендиктери, эмгектери – 2013-жылы "Бир ырдын сынагы" аттуу республикалык конкурста баш байгени жеңип, "Калемгердин пегасы" наамына ээ болгон. 2015-жылы "Кыргыз радиосу" уюштурган "Таланттар таймашы" аттуу республикалык конкурста жаш жазма акындар арасында 1-орунду багындырган. Ошол эле жылы улуу акын Жолон Мамытовдун 75 жылдыгына карата өткөрүлгөн республикалык конкурста "Поэтикалык жаңычыл үн" номинациясына татыган. 2017-жылы эл аралык "Нурборбор" чыгармачылык академиясынын калемгерлер арасында өткөн "Бурганактагы ыр дүйнө" аттуу поэзия кечесинде "Эң мыкты ыр" номинациясынын жеңүүчүсү болгон.

Учурда – Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинде мугалим. 2016-жылдан бери КТРКнын Маданият-Тарых-Тил каналындагы "Адабий айтыш" программасында алып баруучу.

Рыскүл Изатова
Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 13-май
Туулган жери – Нарын облусундагы Кочкор районунун Теңдик айылы
Билими — Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик универстетининин лингвистика факультетин аяктаган.

Үй-бүлөлүк абалы – турмушка чыга элек

Өнөргө карай жолу – чыгармачылыкка жакын кыз 19 жашынан баштап ыр жаза баштаган. Ага чейин ыр жазууга, акындык өнөргө дээрлик кызыкпаганын жашырбайт.

Устаты – Калича Жакыпова

Жетишкендиктери, эмгектери – эл аралык "Нурборбор" чыгармачыл академиясынын мүчөсү, "Жаңы толкун" адабий клубунун көркөм кеңешчиси.

Учурда – "Келкел kg" журналынын башкы редактору, Улуттук жазуучулар союзунун сайтынынын журналисти.

Бегалы Токтогулов
Туулган жылы, күнү — 1994-жыл,
13-февраль
Туулган жери – Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылы
Билими — Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Өнөргө карай жолу — 9 жашынан тарта Манас айтуу боюнча сынактарга катышып, ыр жаза баштаган. Студент курагынан бери акындыкка ыктап келет.

Жетишкендиктери, эмгектери – "Асылдар" аттуу чакан поэтикалык жыйнагын чыгарган. Кыргыз Эл жазуучусу Сагындык Өмүрбаев атындагы стипендиянын ээси. Жогорку окуу жайлар арасында өткөн "Чечен айтышта" 1-даражадагы диплом менен сыйланган. Кыргыз тили боюнча ЖОЖдор аралык 5-олимпиаданын жеңүүчүсү.

Учурда – "Кыргыз радиосунун" журналисти.
Автор
Гүлдана Талантбекова

Фото
Табылды Кадырбеков, Максат Элебесов

Видео
Эмиль Садыров, Сергей Аладьев

Дизайнер
Даниил Сулайманов