Айнек алдында калган балдардын сөөгү, шаар трагедиясы жана үмүт
Айнек алдында калган балдардын сөөгү, шаар трагедиясы жана үмүт
Жергиликтүү тургундар Жалал-Абад облусунун бул жерлери бүтүндөй өлкөнү бага турган ири заводдору менен кремний өрөөнүнө айлануусуна он жылдай убакыт жетпей калган дешет. СССР тарап, баары башкача нук алган...

Күрөң түстөгү тоолордун бетинен кызыл белги көрүнөт: радиациянын белгиси, баш-сөөк жана андан алыс качып бараткан адамдын элеси тартылган. Бул жерде калдык сактагыч же туюккап жайгашкан — Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктары көмүлгөн 23 жердин бири. Сапарыбызды андан ары уладык.

Тоолордун бири ачык боз түстө, ал толугу менен сынык айнектен турат. Бул жакка жарым кылым бою Майлуу-Суу лампа заводунан жараксыз чырак, асмачырак жана айнектин сыныктары чыгарылган. Биз жана уйлардан тышкары азыр бул жерде эч ким жок, ал эми бир нече он жыл илгери бул жерден миллиондогон пайда табышаар эле...
Сойкукана жана балдардын сөөгү...
Айнек тоонун жакынкы эле өтмүшү
Сойкукана жана балдардын сөөгү...
Айнек тоонун жакынкы эле өтмүшү
…2006-жылдын августу. Куткаруучулар бир нече саат сынык айнектерди казууда. Бир маалда бири кыйкырып калат: "Таптым, мен таптым!". Айнек сыныктарынын арасынан баланын колу чыгып турат. Мында наристе кыз энеси менен каза тапкан. Алар сыныктардын арасынан эски советтик чырактарды издеп жүргөн маалда айнек басып калган.

Айнек таштандысынан пайда тапса болорун 90-жылдардын аягында байкашкан. Көрсө, чырактын вольфрам жибин түз кармап турган тулкусу таза никелден жасалган экен. Ошондо бул кымбат баалуу металлдын килосун 850 сомдон алчулар да чыккан.
Күн сайын таштандыга 4 миңге чукул адам чыкчу, алар өлкөнүн чар тарабынан келишчү. Майлуу-Суу заводунун өзүндө маяна 7 миң сомду түзсө, таштандыдан айына 20 миң сомго чейин табууга мүмкүн эле.

Ишкердикке шыгы бар жарандар тез эле дүкөн, ашкана, атургай, чакан сойкукана курушканын эскеришет жергиликтүү тургундар. Таштандыдан эле кимдир бирөө миллион таап койгон. Бирок эч кандай коопсуздук жагы каралган эмес: айнектин сыныгынын алдында адамдардын жаны кыйылган.

Ар бир ири кырсыктан кийин түзүлгөн милиция отряды да кырдаалды жөнгө сала алган эмес. Формачан адамдар узап кетери менен эл кайрадан бул жакка агылган. Бир нече жыл ичинде бул каргашалуу жай 24 адамды, анын ичинде балдардын өмүрүн алып тынган. Азыркы лампочкаларда никелден турган бөлүгү жок.
Кенде иштеп эки ай ичинде машинелүү болгонбуз! Уран башаты
Кенде иштеп эки ай ичинде машинелүү болгонбуз! Уран башаты
60-жылдары уран шахталары туюк бетондолгон. Бирок 90-жылдардын каары жергиликтүү жашоочуларды ал дубалдарды талкалап, анын аркасында катылган жаркыраган кенчти табууга мажбурлаган. Ошол кездери Жалал-Абадда бир канча күн ичинде эле казылган металлдан үйлөрүнө жолтандабастарды минип кайтышкан деген аңыздар айтылат.

Бул уран кендерин согуштан соң, тагыраак, 1946-жылы иштете башташкан. Негизинен ал жакта кечээги эле студент-кенчилер, фашисттик пленде болуп кайткан кызыл армиячылар, кулакка тартылгандар, дворяндар жана Майлуу-Сууга көчүрүлгөн крым татарлары менен немистер иштеген.
Мифтерде айтылгандай, шахтага элди мажбурлап айдашкан эмес. Алар нан заводуна же колхозчу болуп ишке жай гана орношо алышкан. 40-жылдардын аягында Майлуу-Сууда уран кенинин тоо тилкесин жетектеген, Эмгек Кызыл туу орденинин ээси
Леонид Бешер-Белинскийдин эскерүүсү боюнча ал ишканада абдан көп акча төлөп беришкен.

"Менин маянам айына 3-8 миң рублге чейин чыкчу. Азыркы окурманга бул сумманын көптүгүн түшүндүрүү үчүн, ал убакта жарым литр арак 23, ал эми шампандын бөтөлкөсү 27 рубль турганын мисал келтирейин. 1949-жылдын соңунда ишканага наркы 11 миң рубль турган "Москвич-400" келди. Албетте, унааны сатып алууну каалагандардын саны үчтөн көп болду", — деп жазган ал киши өз китебинде.
Уран шахтасынын кызматкери Андрей Баширов атасы дарыгерлердин насааты тууралуу айтканын эскерет. Алар элге мындай жумушта арак жана тамекини көп колдонуу болбостугун эскертишкен экен. Медиктердин кеңешин кулак сыртынан кетиргендер жаман кеселден эрте каза табышкан, ал эми өз саламаттыгына кам көргөндөр улгайган куракка чейин жетишкен.

"Коңшум Аким Садыков 17 жашынан бери кенди талкалаган тегирменде (барабанда) иштеген. Бул эң кооптуу өндүрүш. Эрежеге ылайык, кенге кирердин алдында беш стакан сүт ичип турган. Аким Садыкович ал жерде 15 жыл иштеген! 82 курагында экинчи ирет үйлөнүп, 90 жашын белгилеген соң дүйнө салды", — деди Баширов.
60-жылдардын аягында шахталар жабылган. Уран байытылган бир фабриканы жардырып, бетон куюшкан. Башка биринин ишин токтотуп, анын ордуна "Изолит" заводун курушкан. Анда 30 жыл электр тогун өткөрбөй турган материалдар, мисалы, бүткүл СССРге белгилүү болгон көп түстөгү жабышчаак тасма өндүрүлгөн.
92-жылы ишкана селден улам бузулган. Бир канча ирет кайра ачууга аракет жасалып, бирок майнап чыккан эмес. Көп өтпөй завод таптакыр жабылып калды. Элдин айтымында, "Изолитти" иштетүүгө эч ким кызыкдар болгон жок, анткени, ал жактан бардык металл чыгаралып, сатылып кеткен. Атургай, кай бирөөлөр дубалындагы арматураларды да чыгарып алган.
Лампа заводу эмнеге азыркыга чейин сакталып калды?
Лампа заводу эмнеге азыркыга чейин сакталып калды?
"Биз го эптеп жашай беребиз, башкысы завод иштеп турсун". Мындай кепти Майлуу-Суунун ар бурчунан: мектепте, дүкөндөрдө, көчөдө көп уктук. Шаардык беш ишканадан 90-жылдардын каарына ушул лампа заводу гана туруштук берген.
2000-жылдары ишкана кыйын кезеңге кабылган: завод өз кызыкчылыктарын гана көздөгөн кожоюндарын бир нече ирет алмаштырган. Мурдагы жетекчилери ишкананы күрөөгө коюп, олчойгон насыяларды алышканын жумушчулар таңдануу менен айтышат. Кийин ал жамааттын мойнуна эле жүк болду.

Жумушчулар жарым жылдап айлык көрбөй, жетекчиликтен бардык карыздан кутулууну талап кылып, нааразылыкка чыга башташкан. Натыйжада, 2009-жылы завод банкрот деп жарыяланган.

Ошондо башкарууну Музеин Эрежепова колго алган. Анын тушунда ишкана жанданып, беш жыл ичинде кирешеси өскөн. Маянаны айына эки ирет алып, мыктылары 40 миң сомго чейин тапкан кызматкерлер ага ыраазы. Ал эми завод жаңы жабдыктар менен жабдылды.
2011-жылы ишкана бир нече рейдердик басып алууга тушукту. Бирок жамаат өз заводун сактап калды. Басып алуучулар ал ниетинен акыры кайтышты. Азыркы тапта ишкана да чек ара көйгөйүнөн улам оңой эмес учурду баштан кечирүүдө. Сырье ташып келүү үзгүлтүккө учурады, ал эми бир катар өлкөлөр заказ кылган чырактарын өз маалында ала албай турушат.
Ошентсе да Ильичтин шамынын доору бүтүп баратат. Завод чыгарган продукциянын 90 пайызын сатып алган жакынкы чыгыш өлкөлөрү акырындап ичине зым коюлган электр лампаларынан баш тартууда. Азыр завод жаңы инфракызыл лампаларды чыгара баштаган, алар азыркыдан 10 эсе көпкө кызмат кылат, электр энергиясын да 10 эсе аз жейт.

Заводдун кичи ашканасында сатыктагы бул жаңы лампалардын болгонун биздин чыгармачыл топ сатып алды. Алар сегиз сомдук зымдуу лампадай эмес, 120-180 сомго чейин экен. Кепилдиги да бар болуп чыкты, бирок сатуучу айым бизге бул туурасында ооз ачкан эмес.
Заматта көрүүдөн ажырап, өмүр менен кош айтышасың. Ураган заводдун сырлары
Заматта көрүүдөн ажырап, өмүр менен кош айтышасың. Ураган заводдун сырлары
Бул аймак чындап кыргызстандык кремний өрөөнү боло алмак. Ал үчүн Советтер Союзу дагы он жыл жашап турганы эле жетмек. Мындай шартта Жалал-Абаддын тегерегиндеги бул жерлер бүт өлкөнү багып кетмек.

Майлуу-Суудан бир саатчалык ыраак Таш-Көмүр шаары жайгашкан. "Кристалл" заводуна бет алдык. А бирок бул эски аталышы, азыр "Кристалл-банкрот" деп аталат. Ишкана дал СССР таркаар маалда – 1987-жылы ишке кирген. Анын курулушу үчүн да жер капысынан тандалган эмес, кремнийлүү кварцтын кени ыраак эмес, боюнан муздак сууга толо Нарын дайрасы агат (бул абдан маанилүү), анча алыс эмес жерде ГЭС да курулган.
Кынтыксыз шарттар! "Кристаллдын" мурдагы башкы технологу Сүйдүнбек Калмырзаев заводдун негизги көздөгөнү чиптери бар монокремнийлүү пластиналарды өндүрүү болгонун айтып берди. Ал заманда мындай жогорку технологиялык ишканалар дүйнө жүзү боюнча манжа санагына чыкчу эмес.

"Мындай пластиналарды өндүргөндөр ошол маалда миллиардерлерге айланышчу. Бул болуп көрбөгөндөй кирешелүү өндүрүш! Азыр алар бардык жерде: телефон, компьютер, телевизорлордо колдонулат. Биздин уникалдуу табигый шарттардан улам пластинанын өздүк наркы япон заводдоруна салыштырмалуу эки эсе арзан болмок. Алар сууну муздатууга аргасыз, а биздин суу өзү эле муздак", — деди ал.
Союз маалында ишкана купуя болчу, СССР ураганда Москва заводду Бишкек менен биргеликте башкарууга кызыкдар болгон дешет ошол кездеги кызматкерлер. Бирок баасын бычууда бир пикирге келе алышкан эмес. Өлкөнүн агездеги президенти Аскар Акаев башка инвесторлорду издеген, ошентип заводго экскурсиялар башталган.

Япон компаниясы атаандаштарын жоготуу үчүн заводду атайын сатып алган дешет жергиликтүү тургундар. "Кристаллдын"" талкаланышында, башка ишканалардагыдай эле Дүйнөлүк банктын өлкөбүздүн өндүрүшүнүн түбүнө жеткен PESAC программасынын киргизилиши чоң роль ойногон. Кандай болсо да ишкана толук дараметинде иштеп кеткен жок. 2002-жылы толугу менен ишин токтотту.

Кийин заводго Максим Бакиев ээлик кылды: ал цехтердин бирин жылмалай оңдотту да, чакан өндүрүштү ишке киргизген. Имиштерге кулак түрсөк, качып жүргөн президенттин уулу аталган өндүрүштүк ишкананы сатууну көздөп, бирок үлгүрбөй калган, Апрель революциясы анын бул үмүтүн таш каптырган.
Азыр завод абдан кооптуу. Мурдагы башкы технологдун айтымында, мында 80 тонна трихлорсилан сакталат. Аны менен бир дем алган адамдын көзү көрбөй, өпкөсү, бөйрөктөрү шишип чыгат. Бул бир нече күнгө созула турган оор өлүм.

"Эбак таяк сымал сына тургандай болуп калган бетон жана арматураны газ жеп коет! Дубалдардагы сары тактарды көрүп турасыңарбы? Бул – трихлорсиландын сызылып агышы. Ал зат сакталган идиштер акырындап бузулуп баратат. Эгер ал газ абага таркаса, экологиялык кырсыктын көлөмүн элестетүү эч мүмкүн эмес", — деди ал.

Апрель революциясынан кийин саркындыларды жоготуу үчүн — 6 миллион 430 миң сом бөлүнгөн. Бирок ал каражат башка нерселерге жумшалып кеткен. Мурдагы башкы директорго кылмыш иши козголгону менен ошол кооптуу челектер дагы да ордунда турат.
Бул батирлерге жетүү үчүн эмне гана кылышчу эмес!.. Бир кезде дүңгүрөп турган шаарлардагы жашоо
Бул батирлерге жетүү үчүн эмне гана кылышчу эмес!.. Бир кезде дүңгүрөп турган шаарлардагы жашоо
Майлуу-Суунун чет жакасындагы өйдөлүштөрүнө көп кабаттуу үйлөр курулган. Мурда алар тандалма үйлөр болуп саналчу, шаардын чаңы көтөрүлбөгөн батирлерге жетүү үчүн адамдар кызыл-чеке болгонго чейин барышкан. Эми экинчи кабаттагы дубал кагаздын калдыктары гана качандыр бир кез жашоо кайнап турганынан кабар берет. Биринчи кабаты гана ээленген, анда жергиликтүү эл эгинин сактайт.
"Бардык шарты менен 2 бөлмөлүү батир сатылат" деген жарыяны чар тараптан көрүүгө болот. Баасы алты миң доллардан ашпайт, бирок Майлуу-Сууда кыймылсыз мүлк сатып алууга кызыккандар анча деле көп эмес.

Зарылдыктын жоктугунан базар алда качан жабылган. Кендер жана туюккапка карабастан, бул жердегидей СССРге куса болгондорду Кыргызстандын башка жеринен кезиктирүүгө мүмкүн эмес болсо керек.

Жергиликтүү тургундар талон менен тамак, айына 10 килого чейин кара мал эти берилчү убакты эргүү менен эскеришет. СССР таркагандан кийин да эл акчасын сарамжалдай, эски запастары менен жан багышкан.
Парк аралай бараттык. Өйдө көтөрүлгөн квадрокоптердин добушу айланадагы балдардын көңүлүн бурду. "Бул бизди тартып жатабы?" деп беш жашар кыз кызыга сурады. "Албетте, тартып жатат!" деп жылмая жооп берет ага оператор. Балдар мурундарын теңирейте камерага кол булгашат...
Автор
Асель Минбаева

Жетекчи
Эрнис Алымбаев

Фото
Эмил Садыров, Мамлекеттик кинофонофотодокументтер борбордук архиви

Видео

Эмил Садыров

Дизайнер

Даниил Сулайманов