Султанмурат, Нургазы, Очкарик... Бала кезде кино жылдызы болгондор азыр кайда
Совет доорунда тартылган "Очкарик", "Ак кеме", "Космонавттар көчөсү", 90-жылдардагы "Бешкемпир" сыяктуу кыргыз тасмаларындагы мотурайган каармандар кимдин гана эсинде жок.

Андан бери жарым кылымга чукулдап калды. Кичинекей каармандардын алды азыр небере күтүп, ардактуу эс алууда болсо, кээ бири жашоосун дагы тасма тармагында улантууда.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бүгүн, 17-ноябрь Кыргыз киносунун күнүнө карата бала чагында тасмаларды көркүнө чыгарган каармандардын айрымдарын таап, фильмге тартылган кези менен азыркы мезгилдеги сүрөттөрүн салыштырып көрдү.
"Очкарик" тасмасы. Кубанычбек Алыбаев
Бир гана балдар эмес, чоңдор да сүйүп көргөн кинолордун бири "Көз айнекчен" тасмасы. Фильмдеги баш каарман Кубанычбек Алыбаев учурда 55 жаштын чайын ичип жаткан кези. Азыр ал Москва шаарында энергетика тармагында менеджер болуп иштейт. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте скрипка бөлүмүндө билим алган талант, кийин Бишкектеги политехникалык институтту, андан соң Москвада автожол институтун аяктаган. "Очкарик" тасмасына ал Мукаш Абдраев атындагы мектепте окуп жүргөндө 10 жашында тартылган.
"Очкарик" тасмасы. Бермет Маликова
Ушул эле тасмада көз айнекчен баланын жанындагы кичине кыз Бермет Маликова. "Вечерный Бишкек" гезитинде 12 жыл журналист жана серепчи болуп иштеген. Учурда "Интерньюс" уюмунда сайттын башкы редактору. Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси. "Очкарик" тасмасына тартылганда ал жети жашта болчу.
"Ак кеме" тасмасы. Нургазы Сыдыгалиев
Тасмадагы боорукер Бала — Нургазы Сыдыгалиев азыр 50 жашка чыгып, небере жыттап калган кези. Ал да Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайды бүтүрүп, Улуттук консерваториядан билим алган. Коргоо министрлигинин оркестринде 16 жыл музыкант болуп иштеп пенсияга чыккан. "Ак кеме" тасмасынан сырткары ал "Эрте келген турналар", "Уул" тасмаларында да роль жараткан.
"Космонавттар көчөсү" тасмасы. Арстанбек Ирсалиев
Режиссер Марианна Рошалдын 1963-жылы тартылган "Космонавттар көчөсү" тасмасын көпчүлүк азыр да сүйүп көрөт. Фильмдеги башкы каарман Арстанбек Ирсалиев КРдин Эл артисти. Ленинграддагы балет мектебин аяктап, өмүр бою Кыргыз опера жана балет театрында балет бийчиси болуп иштеген. "Космонавттар көчөсү" тасмасынан кийин ал 17 жашында режиссер Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасына да тартылган. Учурда Арстанбек Ирсалиев ардактуу эс алууда, үй-бүлөсү менен Америкада жашайт.
"Эрте келген турналар" тасмасы. Эмил Борончиев
Чыңгыз Айтматовдун "Эрте келген турналар" чыгармасынын негизинде тартылган тасманын башкы каарманы Эмил Борончиев 55 жашка чыкты. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинде кино кафедрасында мугалим. Бүт өмүрүн киного арнаган актер жалпы 27 тасмага тартылган.
"Бешкемпир" тасмасы. Мирлан Абдыкалыков
Режиссер Актан Арым Кубаттын "Бешкемпир" тасмасы учурунда эң популярдуу фильм болуп аталган. Тасманын көркүн көкүл чачтуу Мирлан Абдыкалыков ачкан. Ал азыр атасынын жолун жолдоп режиссерлук кесип менен алектенет. "Сүтак" тасмасы эл аралык фестивалдарга катышып байгелүү орундарга ээ болгон.
Автор
Таалайгүл Үсенбаева

Дизайнер
Даниил Сулайманов