Куюн Маамыт, Кара дөө,
жез тумшук деген ким?

Кыргыз жомокторуна саякат
Кыргыз эл жомокторундагы каармандардын элесин сүрөтчүлөр ар кандай кабылдап, аны өздөрүнүн фантазиясына жараша чагылдырып келет. Бул жолу биз сүрөтчү Замир Илипов менен биргеликте кыргыз эл жомокторундагы каармандардын образдарын жаңыча ачып берүүнү чечтик. Анда "Эр Төштүк" эпосундагы Маамыттар, жомоктордогу Жээренче чечен, Акыл Карачач, Толубай сынчы, Жез тумшук, Алтын куш, пери, дөө, алп кара куш, ажыдаардын образдары тартылган.
"Эр Төштүк"
эпосундагы Маамыттар
Манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусунда Эр Төштүк жер жарылып ага түшүп кеткенде дал ушул Маамыттарга жолугат. Манасчы аларды мындайча сүрөттөгөн.
Жер тыңшаар Маамыт
Алыстан келе жаткандарды жерди тыңшап дүбүртүнөн жазбай тааныйт. Андан сырткары, ал карылуу жана күчтүү.
Куюн Маамыт
Бою кичинекей, ай-ааламды бир саамда эле айланып чыгат деп сыпатталат.
Көрөгөч Маамыт
Бир нерсе болорун алдын ала туюп-билип, Күн чыгыш менен Күн батышта эмне болуп жатканын билип турат.
Жээренче чечен
Жээренче чечен турмуштук жомоктордо кездешет. Ал өзүнүн акылдуулугу, көрөгөчтүгү менен эл оозуна алынып, аңыз болуп калган. Жээренче чечен тууралуу айтылганда элдин эсине Төлөн мырза аттуу баласынын калпын жашырган учуру түшөт.
Акыл Карачач
Акыл Карачач Жээренче чечендин келини, анын акылы жок баласы Төлөн мырзанын жубайы. Ал акылы тунук, алысты көрө билген аялзаты катары сыпатталат. Зулум Жаныбек хандын азабынан кайнатасын куткарып, ханды өзүнүн тууганына тукуруп көзүн тазалап, элди бир азаптан куткарган делинет.
Толубай сынчы
Толубай сынчы жылкыны дүбүртүнөн таанып, тулпар чыга тургандыгын алдын ала баамдай алган саяпкер болгон деп айтылат. Уламыш боюнча Жаныбек хан Толубай сынчынын жөндөмүн угуп, жылкыларымдын ичинен тулпар болчусун танда деп буюрат.

Бирок хандын купулуна толгон, тулпар болот деген жылкыларынын бирөөсүн да жактырбай, акырында илкип, араң жүргөн, жонун жоор баскан атты көрсөтүп, чыныгы тулпар дейт. Хан буга ачууланып, Толубайдын көздөрүн ойдуруп салат.
Жез тумшук
Жомоктордо тумшугу жана тырмактары жез болуп, адамдардын канын ичет делинет. Кокус колу менен жаап алган бети ачылып кетсе, тумшугу жез экени көрүнөөрү жомоктордо баяндалат.
Алтын куш
Жомокто ал абышканын чоң түп алма багындагы алмасын жеп учуп кетип, карыянын үч баласы аны издеп кеткени баяндалат.

Алтын куш бир топ жомоктордо кезигет. Ал караганда көздү уялткан, канат-куйругу узун, караңгыда келип конгондо айланасына жарык чачат деп айтылат. Жомокто алтын куш бакыт, дөөлөт сыяктуу сыпатталат.
Пери
Кыргыз эл жомокторунда кайыптын кызы пери деп көп айтылат. Алардын айдай сулуулугу, акылы тунуктугу белгиленет. Алар өзгөчө касиетке ээ. Кайыптын кызы пери деп Манас эпосунда да айтылат. Алмамбеттин аялы Арууке, Семетейдин аялы Айчүрөк кайыптын кызы делинет. Алар келбетин каалагандай кылып кубулта алат.
Дөө
Бул образ жомоктордо көбүнчө терс каарман катары сыпатталат. Алар алп болгону менен акылы аз экени айтылат. Кээ бир жомоктордо дөө бир көздүү, абдан күчтүү, ташты мыкчып кум кылган деп айтылат. Айрым жомоктордо кара дөө деп да жазылат.
Алп кара куш
Көп жомоктордо оң каармандарды колдогон сыйкырдуу, абдан зор канаттуу катары сыпатталат. Ал колдогон кишилерин үстүнө мингизип алып, аалам кездирип, барчу жерине тез жеткирет.
Ажыдаар
Жомоктордо көбүнесе терс каарман. Ал айланасындагыларды оозунан бүрккөн өрт менен куйкалап, тынчтык бербейт. Ал эми "Манас" эпосунда Манас баатырдын бир колдоочусу катары да айтылат. Айрым жомоктордо үч баштуу, жети баштуу болуп кубулуп турат.
Редакторлор:
Расул Үсөналиев, Эрнис Алымбаев

Сүрөтчү:
Замир Илипов

Калыпка келтирген:
Даниил Сулайманов
Made on
Tilda