Өчпөгөн үмүт, кургабаган көз жаш.
Бүгүнкү күнгө чейин табылбай жаткан балдар
Бүгүн 25-май дайынсыз жоголгон балдар күнү. ИИМдин Жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынын маалыматына ылайык, республика боюнча бир жылда болжол менен 800 өспүрүм жоголот.

Бактыга жараша, алардын дээрлик баардыгы табылат. Айрымдары үй-бүлөсүндөгү түрдүү кырдаалдан качып кетсе, кээси көчөдөн жоголот. Арасында кара ниет адамдар уурдап кеткендери да бар.

Тилекке каршы, 1990-жылдан бери республика боюнча жоголгон 38 бала бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. Sputnik Кыргызстан агенттиги жоголгон балдардын сүрөттөрүн жана өзгөчө белгилерин качан жана кайда жогологондугу боюнча маалыматтарды сунуштайт
Бишкек боюнча
Бишкек боюнча
Куликов Сергей Владимирович
Бишкектеги 4-кичи райондон жоголгон. 2005-жылы 1-январда үйдөн жумуш издейм деп чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. №93 кесиптик лицейинде окучу. 17 жашында жоголгон.
Бою 175-180 сантиметр, арыкчырай, чачы күрөң кыска, чап жаак.
Үстүнө кара күрмө, джинсы көйнөк шым, бутунда кара кроссовка кийген. Анын жүргөн жерин билгендер болсо 56-44-02, (0554) 102-261, (0554) 102-262, (0554) 102-265, (0553) 102-839, 54-41-84, 54-41-16 телефондору аркылуу кайрылыңыздар
Назаркул уулу Бахтияр
Аламүдүн районундагы "Кырман" конушунда жашачу. 2009-жылы 5-ноябрда түндө бильярд залдан чыккан боюнча дайынсыз. 17 жашында жоголгон
Бою 168-170 сантиметр, кыска кара чачы бар. Кой көз, мурду кырдач. Өзгөчө белгилери: кежигесинде жана артында 2 сантиметрлик тырыгы бар. Анын жүргөн жерин билгендер болсо 43-28-15, 43-32-75 телефондору аркылуу кайрылыңыздар
Каныбек уулу Жоомарт
Бишкекте жашачу. 2017-жылы 9-январда Лев Толстой көчөсүндөгү үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес. 17 жашында жоголгон
Анын жүргөн жерин билгендер болсо 35-29-47, 35-26-05 телефондору аркылуу кайрылыңыздар
Нияз кызы Жамиля
Бишкекте жашачу. 2007-жылы июлда 11-кичи райондогу үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. 17 жашында жоголгон
Анын жүргөн жерин билгендер болсо 56-44-02, (0554) 102-261, (0554) 102-262, (0554) 102-265, (0553) 102-839, 54-41-84, 54-41-16 телефондору аркылуу кайрылыңыздар
Чүй облусу боюнча
Чүй облусу боюнча
Бесов Николай Николаевич
Бесов Николай Николаевич. Жайыл районундагы Алексеевка айылында жашачу. 2003-жылы 3-октябрда Кара-Балтадан сүйлөшкөн кызы менен жолугарын жакындарына айтып, ошол бойдон кайтып келген эмес. 17 жашында жоголгон
Бою 170-175 сантиметр, чачы кыска кара, Оң тизесинде күйүктөн калган тагы бар. Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03133) 2-14-83 телефону аркылуу кайрылыңыздар
Шалтаев Мухамед Канатбекович
2007-жылы 4-октябрда Жайыл районундагы Сосновка айылындагы туугандарынын үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз. 4 жашында жоголгон
Бою 90 сантиметр, арыкчырай, чап жаак, чачы кара, кой көз. Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03133) 2-14-83 телефону аркылуу кайрылыңыздар
Машанло Лейла Абдрашитовна
Чүй облусунун Жайыл районунда жашачу. 2011-жылы 3-июнда үйдөн чыккан боюнча дайынсыз. 4 жашында жоголгон
Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03133) 2-14-83 телефону аркылуу кайрылыңыздар
Рустанбек уулу Тынчтыкбек
Эки жаштагы бала 2002-жылы 3-июнда Аламүдүн районундагы "Сейил" жаратылыш паркында жоголгон. Ал жакта ата-энеси менен жүргөн. Күбөлөр баланы акыркы жолу суунун жээгинен көрүшкөнүн айтышкан
Алиева Лилия Витальевна
Аламүдүн районундагы Озерное айылында жашачу. 2009-жылы 17-июндан бери дайынсыз. 7 жашында жоголгон
Бою 100-110 сантиметр, арыкчырай, чачы сары, кой көз, кырдач мурун. Өзгөчө белгилери: сол капталында күйүп калган тактары бар. Көк сарафан кийип, бутунда көгүлтүр сланцы болгон. Анын жүргөн жерин билгендер болсо (0312) 60-38-43, (0550) 50-55-00. телефондору аркылуу кайрылыңыздар
Норкина Кристина Сергеевна
Москва районунун Ак-Суу айылында жашачу. 2004-жылдын 20-апрелинен бери дайынсыз. 13 жашында жоголгон
Бою 155-160 сантиметр, чачы кара-күрөң, көзү көк. Көк түстөгү спорттук кийим кийген. Анын жүргөн жерин билгендер болсо (0312) 607727, (0313) 152-131, (0557) 101-720 телефондору аркылуу кайрылыңыздар
Богданов Александр Романович
Чүй облусундагы Шопоков шаарында жашачу. 2007-жылы 13-сентябрда үйдөн досу менен чыккан боюнча кайтып келген эмес. 16 жашында жоголгон
Бою 150-155 сантиметр, арыкчырай, чачы кара, кой көз. Үстүнө күрөң түстөгү көйнөк, бутунда боз сланцы, башына кара кепка кийген. Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03134) 5-33-80 телефону аркылуу кайрылыңыздар
Гончаренко Роман Валерьевич
Чүй облусунун Шопоков шаарында жашачу. 2007-жылы 13-сентябрда үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. 12 жашында жоголгон
Бою 150-160 сантиметр, арыкчырай, чачы сары, мурдунун жанында калы бар, көк көз. Ак майка, кара спорттук шым, бутуна кара кроссавка кийген. Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03134) 5-33-80 телефону аркылуу кайрылыңыздар
Салибай уулу Нурсултан
Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылындагы №43 лицейден чыккан бойдон дайынсыз. 14 жашында жоголгон
Анын жүргөн жерин билгендер болсо (0558) 861-486, (0701) 80-13-19, (0701) 80-15-86 телефону аркылуу кайрылыңыздар
Абдибайитов Индусбек Мыктыбекович
Военно-Антоновка айылында жашачу. 2016-жылы 19-ноябрда үйдөн чыккан боюнча кайтып келген эмес. 16 жашында жоголгон
Анын жүргөн жерин билгендер болсо (0558) 86-14-86, (0701) 80-13-19, (0701) 80-15-86 телефондору аркылуу кайрылыңыздар
Акматов Канат Арсланович
2016-жылдын 15-июнунда балдардын мектеп интернатынан чыгып кеткен. 15 жашында жоголгон
Бою 155-160 сантиметр, толмочунан келет. Чачы кара, кой көз, чап жаак. Спорттук шым, көгүлтүр футболка, бутуна крассовка кийген. Анын жүргөн жерин билгендер болсо (0555) 09-82-06, (0701) 15-53-13 телефондору аркылуу кайрылыңыздар
Илахун Мээридин Абылкасым уулу
Бишкекте жашачу. 2017-жылы 23-январда борбор калаадагы №1 мектептен сабактан кийин чыккан боюнча дайынсыз. 16 жашында жоголгон
Анын жүргөн жерин билгендер болсо (0312) 5-21-47, 61-69-07 телефондору аркылуу кайрылыңыздар
Ысык-Көл облусу боюнча
Ысык-Көл облусу боюнча
Кайдыбаев Адиль Акжолович
Ысык-Көл облусунун Корумду айылында жашачу. Эки жаштагы бөбөк 2007-жылы 8-июнда Каракыштоо жайлоосунда жоголгон. Ата-энеси карабагандыктан ал карышкырга же айрыкуйруктарга жем болгон деген версия бар
Бою 50-55 сантиметр, бети тоголок, көзү бүтүйгөн. Ак күрмө, кара шым, бутуна сары ботинка кийген. Анын жүргөн жерин билгендер болсо (0550) 112-975, (03943) 4-21-66, (03943) 4-22-78 же (03943) 4-24-59 телефондору аркылуу кайрылыңыздар
Арзымат кызы Перизит
Ысык-Көл районунда жашачу. 2015-жылы 20-июлда Нарын облусунун Кочкор районунан Чолпон-Атага жумушка кеткен боюнча дайынсыз. 17 жашында жоголгон
Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03973) 4-39-80, (0551) 44-46-55 телефондору аркылуу кайрылыңыздар
Калыков Нурадил
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жашачу. 2004-жылы 6-сентябрда "Жети-Өгүз" пансионатынын аймагынан чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Баланы атасы уурдап кетти деген версия бар. Ал аялы менен бала төрөлө элекке чейин эле ажырашып кеткен. 5 жашында жоголгон
Бою 110-115 сантиметр, арыкчырай, чачы кыска, кой көз, мурду кырдач. Ак футболка, боз кыска шым жана бутуна күрөң сланцы кийип жүргөн. Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03946) 91-4-95, 22-6-38.телефондору аркылуу кайрылыңыздар
Нарын облусу
Нарын облусу
Асанкул уулу Азим
Нарында жашачу. 2011-жылы 8-февралда үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Милициянын версиясына ылайык, ата-энеси тийиштүү деңгээлде көзөмөлдөбөгөндүктөн жоголгон. 16 жашында жоголгон
Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03552) 5-18-04, 5-09-08 телефондору аркылуу кайрылыңыздар
Топчубек уулу Урматбек
Топчубек уулу Урматбек. Нарын облусунун Доскул айылында жашачу. 2002-жылы 16-июнда Окторкой жайлоосундагы туугандарыныкына барып, ошондон бери дайынсыз. Аны чоңдор жакшы карабагандыктан жырткыч жаныбарларга жем болгон деген версия бар. 8 жашында жоголгон
Бою 120-140 сантиметр. Арык чырай, көзү кара. Үстүнө кара түстөгү спорттук кийим, бутуна кызыл өтүк кийген. Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03536) 21-4-38, 21-4-59 телефондору аркылуу кайрылыңыздар
Ишенбек уулу Аскат
Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында жашачу. 2005-жылы 1-ноябрда үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Дааватка кеткен деген божомол бар. 14 жашында жоголгон
Бою 160-165 сантиметр. Үстүнө кара түстөгү спорттук кийим, бутуна кызыл сланцы жана башына ак кепка кийген. Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03536) 21-4-38, 21-4-59 телефондору аркылуу кайрылыңыздар
Бадачы кызы Бурул
Нарын облусунда жашачу. 2010-жылы 13-сентябрда үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Милициянын версиясына ылайык, аны ата-энеси жакшы көзөмөлгө алган эмес. 16 жашында жоголгон
Бою 145-150 сантиметр, көзү кара, арыкчырай. Чачы күрөң. Үстүнө ак футболка, кызыл спорттук шым жана бутуна кызыл сланцы кийген. Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03552) 5-16-51 телефону аркылуу кайрылыңыздар
Ош облусу боюнча
Ош облусу боюнча
Курбанбеков Жаныбек Алимбекович
Ош облусунун Өзгөн районунда жашачу. 1990-жылы 20-мартта үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Ал дудук жана психологиялык оорудан жабыркайт. Ата-энеси ажырашып, атасы экинчи жолу үйлөнгөн. Апасы Россияга иштегени кетип, 13 жылдан кийин келип, баласынын жоголгонун билип милицияга кайрылган. 8 жашында жоголгон
Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03222) 4-62-72 телефону аркылуу кайрылыңыздар
Хурбаева Халидахан Абдуллажан
Ош облусунун Өзгөн районунда жашачу. 2002-жылы 3-майда үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Ата-энеси үйдө дайыма урушуп турушкан. 8 жашында жоголгон
Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03222) 4-62-72 телефону аркылуу кайрылыңыздар
Турдумамат уулу Чыңгыз
Ош облусунун Мирзаке айылында жашачу. 2010-жылы 14-июнда үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Ал Оштогу массалык баш аламандыкта каза болгон деген версия бар. 15 жашында жоголгон
Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03222) 4-62-72 телефону аркылуу кайрылыңыздар
Икрамжан кызы Адинабану
Ош облусундагы Киров айылында жашачу. 2014-жылы 4-августта аны үйүнүн жанында ойноп жатканда көрүшкөн. 8 жашында жоголгон
Бою 130 сантиметр, чачы боз, көзү кара. Үстүнө кызыл футболка, көк түстөгү кыска юпка кийген. Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03222) 5-53-28, (03232) 2-81-61, (0777) 16-21-17, (0709) 92-60-60, (0702) 20-20-64 телефондору аркылуу кайрылыңыздар
Маматсабыр уулу Нурадыл
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жашачу. 2011-жылы 28-январда үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. 16 жашында жоголгон
Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03239) 5-03-86 телефону аркылуу кайрылыңыздар
Кочконбаев Нурсултан Урматбекович
Көчкөнбаев Нурсултан Урматбекович. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жашачу. 2015-жылы 29-июнда үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. 8 жашында жоголгон
Бою 115-120 сантиметр. Чап жаак, көзү кара, кочкор мурун. Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03239) 5-03-86, (0556) 13-02-88, (0701) 91-92-05, (0701) 91-92-04 телефондору аркылуу кайрылыңыздар
Жалал-Абад обласу боюнча
Жалал-Абад обласу боюнча
Канымбет уулу Жанболот
Жалал-Абад облусунун Гумкана айылында жашачу. 2003-жылы 10-августта акыркы жолу трассанын боюнда ойноп жатканын көрүшкөн.
Балдар Жанболотту ак түстөгү автоунаа коюп кетип, ооруканага алып кеткенин айтышкан. 6 жашында жоголгон
Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03736) 5-02-61 телефону аркылуу кайрылыңыздар
Маматжан кызы Жыпаргүл
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жашачу. 2011-жылы 5-февралда медициналык училищеге окууга кетип, ошол бойдон дайынсыз. Ал Тажикстандагы бир туугандарына кетти деген маалымат бар. Жыпаргүл Кыргызстанда алыс туугандарыныкында жашап келген. 17 жашында жоголгон
Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03744) 5-06-33 телефону аркылуу кайрылыңыздар
Жумалы кызы Айпери
Жалал-Абад облусунун Токтогул айылында жашачу. 2002-жылы 8-августта үйдөн чыккан бойдон дайынсыз. 5 жашында жоголгон
Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03747) 5-01-02 телефону аркылуу кайрылыңыздар
Учкунбеков Байтик Учкунбекович
Жалал-Абад облусунун Мазар-Суу айылында жашачу. 2013-жылы 22-июнда анын үй-бүлөсү башка үйгө көчүшкөн. Бала ошол учурда 4 жашында жоголгон
Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03722) 7-39-90, (0553) 780-078, (0555) 089-290, (0778) 666-290 телефондору аркылуу кайрылыңыздар
Алымкулов Абдулла Абдумажитович
Жалал-Абад облусунун Сузак айылында жашачу. 2003-жылы 25-июлда сүт сатам деп чыккан бойдон кайтып келген эмес. 13 жашында жоголгон
Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03748) 5-02-09 телефону аркылуу кайрылыңыздар
Жанапилов Бекзат Амангельдиевич
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жашачу. 2017-жылы 16-апрелде үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. 6 жашында жоголгон
Бою 114-116 сантиметр, өңү аксаргыл, көзү кара. Үстүнө күрмө, кара түстөгү шым, кара кроссовка кийген. Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03746) 5-12-00, (0778) 37-93-42, (0771) 74-30-90 телефондору аркылуу кайрылыңыздар
Баткен облусу
Баткен облусу
Мамасаитов Бекзат Канатбекович
Баткенде жашачу. 2014-жылы 19-октябрда чоң энеси менен таяжесиникине конокко барып, кечинде үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. 4 жашында жоголгон
Бою 110-120 сантиметр, арыкчырай, көзү кара, чачы кара кыска. Сол бутунун манжаларында күйүктүн белгилери бар. Ак жемпир, көк түстөгү джинсы, бутуна кара кроссовка, башына көк кепка кийген.
Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03622) 5-17-56, 5-09-90, (0773) 85-84-47 телефондору аркылуу кайрылыңыздар
Наркозу кызы Мавлюда
Баткен облусунун Сырт айылында жашачу. 2016-жылы 27-августта үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. 13 жашында жоголгон
Бою 155-166 сантиметр, чачы кыска, кара. Орто бойлуу. Үстүнө көк көйнөк, башына ак жоолук салынган. Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03655) 5-07-34, 5-02-29 телефондору аркылуу кайрылыңыздар
Парпиев Куттугали Макамбаевич
Баткен облусунун Ак-Турпак айылында жашачу. 2017-жылы 18-февралда үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. 17 жашында жоголгон
Бою 160-165 сантиметр, орто бойлуу, чачы кара, кой көз. Оң бетинде кал бар. Үстүнө кара куртка, жашыл кофта, көк джинсы, бутуна кара кеда кийген. Анын жүргөн жерин билгендер болсо (03655) 5-07-34, 5-02-29 телефондору аркылуу кайрылыңыздар
Редакторлор
Алимджан Валиев, Расул Үсөналиев

Дизайнер
Даниил Сулайманов

Булак
КР ИИМ
Made on
Tilda